Каримова намаз окуй турганын жазды

Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримова диний ишенимдери тууралуу “Твиттерге” жазып, айрым учурда намаз окуй турганын билдирди.
Ал узун көйнөк кийип, жоолукчан турган сүрөттөрүн да интернетке жарыялады. Гүлнара Каримова октябрда ага тиешелүү теле-радио каналдар жабылгандан бери бир катар маалыматтарды “Твиттер” аркылуу ачыкка чыгарып жатат.
Гүлнара Каримова айрым учурда намаз окуй турганын интернеттеги “Твиттер” социалдык түйүнүн колдонуучусунун “кудайга сыйынасызбы” деген суроосуна жооп берип жатып билдирди.
“Мен күн сайын беш маал намаз окуй албайм. Толук окуганга ниеттенем. Бирок мен таңкы намазды окуганга аракеттенип келем. Сөзсүз негизги саптарын окуйм”,-деп жазылат Гүлнара Каримованын 9-ноябрдагы “Твиттердеги” билдирүүлөрүндө.
8-ноябрда болсо Каримова “Инстаграм” түйүнүнө адатта мусулмандар кечки намаз маалында кайталай турган саптарды жарыялады. Ал салттуу узун көйнөк кийип, жоолук салынып турган сүрөттөрүн да интернетке жүктөдү. Ал сүрөткө колуна теспе кармап түшкөн. Гүлнара Каримова 15 жыл мурда Меккеге зыяратка барып келгенин да айтты:

“Алхамдуллилах! Мен алгач ирет ажылыкка барып келгенден бери 15 жыл өтүптүр. Анда аял жана эне катары оор учурду башыман өткөргөм. Ошондуктан менин ишенимим артты. Эл менин ырларымды окуганда суфизм менен окшоштуктарды байкашат. Мен суфизмге кызыга баштагандан бери...”,-деп жазды Гүлнара Каримова.
Өзбек президентинин улуу кызы өз ишенимин тапканын, ал ишенимим күчтүү жана таза деп жазды: “Ишенген адам гана менин ойлорумду, эмоционалдык абалымды, үмүтүмдү жана ниетимди түшүнө алат. Мен башкалардан эч нерсе күтпөйм”.
Адатта “Твиттерге” орусча жазган Гүлнара Каримова бул жолку твиттерин өзбек тилинде жазды. Ал колдонуучуларга өзбек тилинде гана жооп берүүнү каалаганын айтып, айрым каталар үчүн кечирим сурады.
“Твиттерде” агынан жарылуу
Каримованын диний көз караштары тууралуу жазганы акыркы мезгилдеги “Твиттерге” ачык жарыялаган маалыматтарынын соңкусу болуп калды.
Буга чейин жетекчилик дымагы тууралуу көпкө чейин унчукпай келген Каримова 30-октябрда “башчы” болууга эч кандай планы жок экенин жазган болчу.

Ага чейин Каримова өзүнүн бөлөсү Акбарали Абдуллаев менен жакын мамилеси тууралуу маалымат каражаттарында айтылган сөздөрдү четке каккан. Абдуллаев өткөн айдын башында камакка алынганы кабарланган.
Каримова бул маалыматтарын бийлик ага тиешелүү делген теле-радио каналдарды жаап койгондон кийин ачыкка чыгарып отурат. TV Markaz, NTT, Forum TV жана SofTS аттуу каналдардын берүүлөрү 21-октябрда кокусунан токтогон.
Андан үч күндөн кийин Каримова көзөмөлдөйт делген “Терра Груп” холдингинин үч FM радиосу да обого чыкпай калган.
Каримова Өзбекстандагы улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисин сынга алып келет. The Economist журналы Каримованы аренадан сүрүп чыгарууну каалаган күчтөр чабуулга өтүшү мүмкүндүгүн жазган.
Бул макалага калтырган ой-пикириңизди модератор карап чыгып, сайтка чыгарат. Бирөөнүн ар-намысына, беделине шек келтирген пикирлер жарыяланбай турганын эскертебиз.




























