Гүлнара Каримовага бут тоскондор барбы?

41 жаштагы Каримова өзүн акын, ырчы, дизайнер, өзбек сулуусу катары таанытып келет.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 41 жаштагы Каримова өзүн акын, ырчы, дизайнер, өзбек сулуусу катары таанытып келет.
Published

Британдык The Economist журналы Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримованын тегерегиндеги окуяларды талдаган макаланы жарыялады.

Өзбек президентинин кызы атасынын ордуна келиши мүмкүн деген жоромолдорго буга чейин жол берилип келди, бирок анын амбициясын басууга аракет жасалып жатабы?

Октябрь айында Гүлнара Каримова Ташкентте өлкөнүн элитасы чогулган “Стайл-уз” аттуу жылдык аземин өткөрдү. Бирок ал көзөмөлдөп келген үч телестанция күтүүсүз жерден токтотулду. Салтанатка чакыртылган Белгиялык поп ырчы Өзбекстандагы адам укуктарынын абалына каршылык билдирип барбай калды.

Ал ортодо салык инспекторлору Гүлнара Каримованын кайрымдуулук иштерин текшерүүгө алды деген кептер таркады. Үстүбүздөгү аптада болсо финансылык тартип бузду деген негизде Гүлнарага тиешелүү медиа-компаниянын банк эсеби жабылды.

41 жаштагы Каримова өзүн акын, ырчы, дизайнер, өзбек сулуусу катары таанытып келет. Анын техно-музыкалык видеолору таркатылат. “Стайл-уз” иш-чараларына Стинг, Хулио Иглесиас сыяктуу батыш жылдыздарын чакырып келет. Бирок анын бизнес ишмердиги мынчалык ачык эмес. Аны менен байланышта болгон 4 бизнес өнөгү жакында Швеция менен Швейцарияда акчаны мыйзамдаштыруу чатагына байланыштуу тергөөгө алынышты.

Июль айында болсо Каримова Бириккен Улуттар Уюмундагы элчи кызматынан алынып, дипломатиялык кол тийбестигинен ажырады.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Июль айында болсо Каримова Бириккен Улуттар Уюмундагы элчи кызматынан алынып, дипломатиялык кол тийбестигинен ажырады.

Июль айында болсо Каримова Бириккен Улуттар Уюмундагы элчи кызматынан алынып, дипломатиялык кол тийбестигинен ажырады. Франциянын полициясы анын эки турак-жайын тинтип чыкканы кабарланды.

Каримова өзү кадыр-баркын көтөрүүгө аракет жасаган жери жок. Октябрда сиңдиси Лола өзүн эжесинин тегерегиндеги чатактан алыстатып интервью бергенде Гүлнара Каримова аны бүбү-бакшылыкка берилип кеткен, керек болсо апабыздын башын айлантып койгон деп айыптады.

Ушундан улам өлкө сыртында Гүлнараны диктатордун албуут, ачкөз кызы деп мүнөздөшөт. 2005-жылы ашкереленген америкалык дипломатиялык маалыматтарда аны Өзбекстандагы эң жек көрүндү киши деп аташкан эле.

Октябрда сиңдиси Лола өзүн эжесинин тегерегиндеги чатактан алыстатып интервью бергенде Гүлнара Каримова аны бүбү-бакшылыкка берилип кеткен, керек болсо апабыздын башын айлантып койгон деп айыптады.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Октябрда сиңдиси Лола өзүн эжесинин тегерегиндеги чатактан алыстатып интервью бергенде Гүлнара Каримова аны бүбү-бакшылыкка берилип кеткен, керек болсо апабыздын башын айлантып койгон деп айыптады.

75 жаштагы атасы Ислам Каримов булар тууралуу эмне ойдо, деги бул маалыматтарды билер, билбеси белгисиз. Каримовдун ден-соолугу тууралуу ар кандай жоромолдор айтылат. Ал бийликти демократиялык жол менен өткөрүү механизмин орноткон эмес. Андыктан бийлигин кызына өткөрүп бериши мүмкүн деп айтылып келген.

Өзбекстандык журналист Данил Кисловдун оюнча, Өзбекстандагы таасирдүү адамдардын бири Каримовага чабуул коюуда. Бул киши Каримова коррупционер деп айыптаган премьер-министрдин орун басары Рустам Азимов болушу мүмкүн. Же болбосо Коопсуздук кызматынын жетекчиси Рустам Иноятов. Премьер-министр Шавкат Мирзиёев дагы Каримованы жаман көрөт дешет.

"Булардын кимиси анын эн башкы душманы экенин билбейбиз. Бирок алар Каримованын бизнесин жана саясий таасирин жок кылууну каалашат"-дейт журналист Кислов.

Каримовдун ордун ким басат деген маселе Өзбекстандагы бардык чечимдердей эле жабык эшик артында чечилет. Бирок Гүлнара Каримова бул окуяны коомдук драмага айлантууга жөндөмдүү.

Бул макалага калтырган ой-пикириңизди модератор карап чыгып, сайтка чыгарат. Бирөөнүн ар-намысына, беделине шек келтирген пикирлер жарыяланбай турганын эскертебиз.