Окумуштуулар: аялдар алкоголь ичүү жагынан эркектерди кууп жетүүдө

Австралиялык окумуштуулар спирттик ичимдиктерди колдонуу жагынан аялдар эркектерди кууп жеткенин айтып чыгышты.
1891-жылдан 2001-жылга чейинки аралыкта туулган төрт миллион адамдын маалыматтарына таянып, мурда эркектер спирттик ичимдиктерге жакын экенин айтууга болот деп айтылат иликтөөдө.
BMJ Open медициналык журналында азыркы муундагы аялдар алкоголь ичүү жагынан эркектерге жеткени айтылат.
Социологдордун айтымында, эркек жана аялдын социалдык ролу соңку мезгилде өзгөрүүдө. Аны менен катар жаңы адаттар да пайда болууда.
XX кылымдын башындагы иликтөөлөргө караганда эркектер:
- аялдарга салыштырмалуу эки эсеге көп (так айтканда 2,2 эсеге) спирт ичимдиктерин ичишкен,
- аялдарга салыштырмалуу үч эсеге көп ичкиликке берилип кеткен,
- аялдарга салыштырмалуу 3,6 эсеге көп ичкиликке берилип, бул олуттуу ооруларга, мисалы кара сарыкка чейин жеткиргени айтылат.
Бирок XXI кылымда бул көрсөткүчтөр өзгөрүп, эркектер:
- аялдарга салыштырмалуу 1,1 эсеге көп спирт ичимдиктерин ичишет,
- аялдарга салыштырмалуу 1,2 эсеге көп спирт ичимдиктерине берилүүдө,
- аялдарга салыштырмалуу 1,3 эсеге көп алкоголизм ооруларына дуушар болууда.
Гигиена жана тропикалык медицина багытындагы Лондон мектебинин профессору Марк Петтикрю азыркы өзгөрүүлөрдүн себеби аял менен эркектин социалдык ролу гана деп эсептөө туура эмес дейт.
“Соңку мезгилде спирт ичимдиктери көп сатылып, аны сатып алуу да көпчүлүк үчүн мүмкүн болуп калды. Анын үстүнө реклама өспүрүм курактагыларга атайын багытталат. Профессионал медиктер алкоголизм менен күрөшүүдө эркектерге жана аялдарга жол көрсөтүп, жардам бериши керек. Бул маанилүү”,-дейт профессор. (ErA)




























