Крымга курулуп жаткан көпүрөгө ири каражат сарпталууда
Орусия 2014-жылы анексиялап алган Крымда курулуш долбоору үч жарым миллиард долларга бааланган көпүрө салууда. Бул абдан кымбатка турган долбоорду орусиялык компания куруп жатат.
Крымдагы Керч порту менен Кара деңиздин үстүнөн курулган жол 19 чакырымды түзүп, анда унаа жана жана темир жол байланышын камсыздаган эки жол болот. Курулуш 2019-жылы аяктайт деп күтүлүп жатат. Жолдун курулушу Орусия аннексиялап алгандан кийин жабылып калган Крымга жол ачмакчы.
Жарнамалык тасмалардан байкагандай орус тарап бул долбоорго жогорку артыкчылык берүүдө. Курулушту ишке ашыруу боюнча келишим президенттин жакын досу Аркадий Ротенбергге таандык компания менен түзүлгөн.
Орусия Крымды анексиялап алгандан кийин бул ишкерге жана анын компаниясына батыш өлкөлөрү санкция киргизген болчу. Бирок курулушучулар бул аларды ишин толугу менен чектей албасын айтып жатышат.




























