Грузия “Саакашвилинин сүйлөшүүсү” деп жарыяланган аудио жазуу боюнча кылмыш ишин козгоду

Published

Грузиянын мамлекеттик коопсуздук кызматы интернетте жарыяланып кеткен аудио жазуу боюнча “мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети” деген берене менен кылмыш ишин козгоду. Бул жарыяланып кеткен сүйлөшүүлөрдө болжолу өлкөнүн мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин тарапташтары менен сүйлөшүүсүн угууга болот деп тастыктайт журналисттер.

Бул аудиодо Саакашвилиге окшош сүйлөгөн адам башка кишилер менен парламенттик шайлоодон кийинки массалык башаламандык боюнча талкуулайт. Бул үндү ким жазып алганы белгисиз. Коопсуздук кызматы жазылган үндүн жасалма экени али аныктала элек деди. Чындап эле ушундай сүйлөшүүлөр болду беле, же жокпу алдыдагы тергөөдөн аныкталат деп айтылууда. Тергөөдө сүйлөшкөн кишилердин ким экени болжолдонгонуна карап суракка чакырылат.

Саакашвили бул жарыяланган сүйлөшүүлөрдү монтаждалган деп айтты. Экс-президент болсо муну саясый күрөштүн бир бөлүгү деп эсептейт. Өлкөнүн азыркы бийлиги 8-октябрга белгиленген шайлоодо ага жана партиясына тоскооолдук кылыш үчүн жасап жатат деп айтты Саакашвили.

Саакашвилинин "Бирдиктүү улуттук кыймылы” шайлоого катышып жатат. Ошондой эле анын жубайы Сандра Рулофс дагы депутаттык жарышка чыкты. Михаил Саакашвили буга чейин Грузиядагы шайлоодон кийин өлкөгө кайтып барам деп айткан.

Буга жооп кылып Грузиянын ички иштер министрлиги ал чек араны кесип өтөөрү менен камакка аларын айтып чыккан. ИИМ Саакашвилиге карата кылмыш иши козголуп, сот ага сыртынан өкүм чыгарганын эске салды.

Саакашвили 2013-жылы жаңы президент болуп Георгий Маргвелашвили шайланары менен Грузиядан чыгып кеткен. Өз өлкөсүндө козголгон кылмыш иштерин саясый негизде деп айтып келүүдө.

Учурда Саакашвили Украинанын Одесса облусунун губернатору кызматында. Бул кызматка келиш үчүн ал украин жарандыгын алып, грузин жарандыгынан баш тарткан. (AbA)