Түркияда үч айга чукул кырдаал жарыяланды

Сүрөттүн булагы, Reuters
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өлкөсүндө үч айга чукул кырдаал киргизди. Айтымында, бул болуп өткөн төңкөрүш аракетине байланыштуу коркунучтарды жок кылуу үчүн зарыл.
Президент “төңкөрүш аракетине катыштыгы бар террористтик уюмдардын бардык элементтерин тез зыянсыздаштырууну” убада кылды.
Эрдоган өзүнүн чечими тууралуу мамлекеттин министрлери менен жолуккандан кийин билдирди.
Ал ошол эле учурда чукул кырдаал учурунда демократиялык институттар жабыркабай турганына ишендирди.
“Биз демократия тууралуу сөз болуп жатканда эч качан андан башканы артык койгон эмеспиз. Койдойбуз дагы”, - деди Эрдоган Анкарадагы маалымат жыйынында.
Түркиядагы ишке ашпаган төңкөрүш аракетинен кийинки биринчи күндөрү түрк бийлиги тарабынан кеминде 45 миң адам жумушунан алынды же кармалды.
Алты миңдей аскер кызматкерлери кармалган. (АК)




























