ЖМК: Түркия аба күчтөрүнүн мурдагы башчысы козголоң уюштурганын мойнуна алды

Түрк бийликтери Өзтүрктү төңкөрүш аракетинин түздөн түз уюштуруучусу деп эсептээрин жалпыга маалымдоо каражаттары жазууда
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түрк бийликтери Өзтүрктү төңкөрүш аракетинин түздөн түз уюштуруучусу деп эсептээрин жалпыга маалымдоо каражаттары жазууда
Published

Түркиянын аскердик аба күчтөрүнүн мурдагы башчысы Акын Өзтүрк өлкөдө төңкөрүш аракетин уюштурганын мойнуна алды, деп жазды түрк мамлекеттик Анадолу маалымат агенттиги.

Айрым маалыматтарга караганда, түрк бийлиги аны төңкөрүш аракетинин түздөн түз уюштуруучусу деп эсептейт.

Түркияда аскерлерден турган топтун ишке ашпай калган төңкөрүшүнө байланыштуу аскерлерди жана чиновниктерди камоо уланууда.

Түркия бийлиги дээрлик тогуз миң полиция кызматкерин жумуштан алды. Жүздөн ашык жогорку даражадагы аскерлер камалды.

Жалпыга маалымдоо каражаттары жазып жаткандай, аскер аба күчтөрүнүн мурдагы башчысы Акын Өзтүрк баш болуп 27 генерал жана адмирал Анкарадагы Сот адилеттүүлүгү сарайына алып барылган жана сот алдында жооп беришет.

Мурдараак Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган көтөрүлүшкө байланыштуу парламент өлүм жазасын кайра киргизүү маселесин карайт деген.

Ал арада Германия өкмөтүнүн расмий өкүлү Штеффен Зайберг өлүм жазасын кайтарса, Түркия Евробиримдикке алынбай турганын билдирди.