Азия биржаларында фунт 30 жылдан берки минимумга түштү

Бир катар банктар Британиянын Евробиримдиктен чыгышы өлкөнүн экономикасына залакасын тийгизет дешти
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бир катар банктар Британиянын Евробиримдиктен чыгышы өлкөнүн экономикасына залакасын тийгизет дешти
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Шаршембидеги эсептөөлөр боюнча, Азия биржаларында фунт стерлинг соңку 30 жыл ичинде эң ылдый көрсөткүчкө жетип, долларга карата дээрлик 10 пайызга төмөндөдү.

Британ каржы министринин билдирүүсүнө карабай фунт улам арзандоодо. Бул Британия Евробиримдиктен чыккандан кийин башталган.

Ошол эле учурда АКШ өкмөтүнүн, Австралиянын жана Япониянын он жылдык облигациясынын кирешеси рекорддук төмөн баскычка түштү. Анткени инвесторлор Европа базарындагы “туруксуздукту эске алып”, баалуу кагаздарды сатып ала баштаган.

Муну да окуңуз: <link type="page"><caption> Британ Каржы министринин билдирүүсүнө карабай, фунт арзандоодо</caption><url href="http://www.bbc.com/kyrgyz/world/2016/06/160627_osborne_financial_market" platform="highweb"/></link>

Облигацияларга талап жогору болгон сайын, алардын баасы жогорулап, бирок кирешеси төмөндөп жатат.

Буга чейин британдык инвестициялык фонддор алардын кардарлары өлкө экономикасындагы туруксуздукту эске алып, болгон акчаларын чыгарып кетип жатканын айткан болчу.

Эл аралык Moody’s рейтинг агенттиги Британиянын кредиттик рейтингине терс божомолун билдирди. Бир катар банктар Британиянын Евробиримдиктен чыгышы өлкөнүн экономикасына залакасын тийгизет дешти. (ErA)