EgyptAir учагынын калдыктары дале изделүүдө

Published

Жер ортолук деңизинде EgyptAir авиакомпаниясынын жоголгон А320 авиалайнерине таандык делип жаткан сыныктар табылды. Бул тууралуу Египеттин аскердик күчтөрү билдирүүдө.

Египет армиясынын өкүлү билдиргендей, учактын бөлүктөрү Александриядан 290 чакырым алыстыктан чыкты. Сыныктардын табылганын Би-Би-Сиге ошондой эле авиакомпания өзү да тастыктады.

Аскерлердин айтымында, калдыктар арасында MS804 рейсинин жүрүгүнчүлөрүнө таандык буюмдар да чыккан.

Буга чейин учактын калдыктары Грециянын жээгинен табылды жана ал кырсыкка учураган учактыкы болушу мүмкүн деген маалымат тараган. Бирок, грек адистери белгилегендей, кеп чындыгында эле EgyptAir авиалайнери тууралуу болуп жаткандыгына далил жок болчу.

Жума күнгө караган түнү грек бийликтери Карпатос аралынан алыс эмес жерден ак жана көк түстөгү тетиктерди тапканын билдиришкен. Бул түстөр EgyptAir компаниясынын расмий түстөрү.

EgyptAir бул маалыматты ырастаган, бирок бул калдыктар так кыйраган учакка таандык экенин далилдебейт.

EgyptAir компаниясынын А320 учагы MS804 рейсин аткарып, Парижден Каирге учуп келе жаткан. Ал Египеттин аба мейкиндигине киргенден кийин радарлардан жоголгон.

Учактын ичинде 66 киши болгон, алардын ичинде 56 жүргүнчү. Арасында Египеттин 30, Франциянын 15 жараны болгон жана дагы 10 мамлекеттин атуулдары.

Египеттин жарандык авиациясынын министри Шериф Фатхи бейшемби күнү билдиргендей, бардык мүмкүн болгон себептердин ичинен эң негиздүү болуп террордук чабуул версиясы көрүнүүдө, бирок башка версиялар да четке кагылган жери жок.

Бийликтер баса белгилегендей, кыйроонун чыныгы себептерин аныктоо үчүн учактын калдыктарын алып чыгуу керек.

Буга чейин, ФБР директору Джеймс Коми билдиргендей, бир дагы террорчул топ жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Анын айтымында, америкалык атайы кызматтар башка өлкөлөрдүн кызматтары менен иштешип каргашалуу окуяны иликтеп чыгууга көмөк көрсөтүүдө. (АВ)