“ИМдин” башчыларынын бири өлгөн болушу мүмкүн

Published

Пентагон “Ислам мамлекети” аталган топтун башчыларыны бири Умар Шишани же болбосо чечен Умарды Сириянын түндүк-чыгышында жок кылуу боюнча операция жүргүзгөнүн билдирди.

“ИМдин” башчыларынын бири Абу Умар аш-Шишани деген каймана ат менен белгилүү Тархан Таимуразович Батирашвили абадан соккулардын натыйжасында өлгөн болушу мүмкүн”, - деп айтылат ведомствонун бидирүүсүндө.

Пентагон анын өлгөнү тууралуу так маалымат бере алган жок. Батирашвилинин өлгөнү тууралуу Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров мурда билдирип чыккан, бирок ал тирүү экени белгилүү болгон.

Ага чейин Шишани президент Путинге “Чеченстанды жана Кавказды бошотууну” убада кылган видеосу интернетке чыккан.

Сирияга кеткенге чейин Батирашвили Биркиани кыштагында жашап, грузин армиясында кызмат өтөгөн. Ага чейин болсо Кавказдын тоолорунда мал бакчу. (AK)