ЕБ жана Түркия мигранттар боюнча жалпы макулдукка келишти

Published

ЕБ жана Түркия лидердери Брюсселдеги миграциялык кризиске байланышкан саммитти аяктап, бирок акыркы чечимди 17-18-мартта боло турган саммитке калтырышты.

Тараптар билдиргендей, биргелешкен пландын тийиштүү деталдарын иштеп чыгуу жана макулдашуу үчүн убакыт зарыл.

Брюсселдеги жолугушууда Европага келип, бирок баш паанек албай калган миңдеген мигранттарды Түркияда жайгаштыруу тууралуу түрк тараптын сунушу талкууланды.

Жооп иретинде Түркия ЕБ менен визасыз кирип-чыгуу режимин киргизүүнү жана Түркиянын Европа Биримдигиндеги мүчөлүгүн талап кылууда.

Тараптар билдиргендей, алар миграциялык кризисти жөнгө салуунун негизги принциптери тууралуу макулдашууга жетишти, бирок даректүү чараларды издөө 17-марттагы кийинки саммитте улантылат.

Мындан тышкары, билдирүүдө айтылгандай, Европа мигранттарды кабыл алуу үчүн кошумча акча каражаты бөлүнөөрүн жана мурун убада кылынган үч миллиард евронун берилишин тездетүү каралат.

Өз кезегинде Түркия грек аралдарына Жакынкы чыгыштан келген бардык мыйзамсыз мигранттарды жана Европага келип баш паанек албай калган мигранттарды кабыл алууга даяр экенин билдирди.

Брюсселден Би-би-си кабарчысы Крис Моррис кабарлагандай, келишим эгер кабыл алынса, Европага кирип келем деп аракеттенген бардык качкындар, алардын ичинде сириялыктар да Түркияга кайтарып берилет дегенди билдирет.

Түркия кабыл алган ар бир сириялык үчүн ЕБ чындыгында баш паанекке муктаж болгон сириялыкты качкындар лагеринен алып турат. Мындай ыкма качкындарды – алардын ичинде сириялыктарды да, Европага мыйзамсыз жол менен келүүдөн баш тарттырат.

Визасыз режим же ЕБ мүчөлүгү?

Германиянын канцлери Ангела Меркель басма сөз жыйында билдиргендей, Европа Түркиянын виза режимин жеңилдетүү боюнча талаптарын кабыл алышы мүмкүн.

Эгерде Түркия сунуштаган план ишке ашса, анда анын жарандары үчүн Европага визасыз кирүү режими июнь айында күчүнө кириши мүмкүн деди канцлер.

Түркиянын ЕвроБиримдикке кирүүсү тууралуу Меркель “бул маселе күн тартибинде болгон эмес” деп билдирди. .Ал Түркия менен кызматташуу Европа үчүн абдан маанилүү экенин да айта кетти.

Франция президенти Франсуа Олланд тактап айткандай, эгерде Түркия 72 талаптан турган тизмени аткарса гана визалар алынып салынат.

ЕБ мүчөлүгү тууралуу айтып жатып Олланд Түркиянын кирүү процесси “аяктоодон алыс” деп билдирген.

Ошондой эле Олланд Түркия үчүн кошумча каржылоо 2018-жылдан кийин да мүмкүн экенин айтты.

"Эгерде мигранттар маселеси дагы эле курч болуп тура берсе, анда Түркия аларды кабыл алууга мажбур болот. Демек, 2018-жылы жаңы грант керек болоорун алдын ала байкаса болот”, - деди Олланд.

Миграциялык кризис Европада өткөн жылы башталган. 2015-жыл ичинде жалпысынан Европадан баш паанек издеп миллиондон ашуун адам кайрылган.

Алардын басымдуу бөлүгү Түндүк Африка жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринен согуштан качып келгендер.

Качкындардын көбү Европада бет алган жолунда Түркия аркылуу өтөт. Ал жактан мигранттар деңиз аркылуу Грецияга жетишет, а андан соң континенттин ички аймактарына – алардын оюнда мыкты өнүккөн мамлекеттерге жөнөшөт. (АВ)