Сирияда орус жөө аскерлери барбы?

Published

Соңку күндөрү Сириянын президенти Башар Асаддын аскер күчтөрү өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан Алеппо шаарына чоң чабуулга өтүштү. Бул шаар оппозиция көзөмөлдөп турган маанилүү калаалардын бири.

Өмөттүк аскер күчтөр жакында эле шайы ооп, согуштук аракеттерди жүргүзө албай калган бөлүктөрдөн турат деп мүнөздөлүп келген. Алардын ийгиликтүү алдыга жылышы Батыштагылардын көбүн таң калтырууда.

Алеппого болгон чабуул абадан күчтүү колдоо менен коштолууда. Россиялык авиация сириялык оппозиция күчтөрүнө тынымсыз соккуларды урууда.

Сириянын жетекчилиги менен сүйлөшүлүп, алардын макулдугу менен Башар Асаддын аскерлерин коштоп Алеппо аймагында даниялык TV2 телеканалынын кабарчысы Расмус Тантхолдт жүрөт. Анын айтымында, өкмөттүк аскерлердин тарабында согушкан бөлүктөрдүн арасында ал россиялык аскерлерди да көргөн.

Даниялык TV2 телеканалынын кабарчысы Расмус Тантхолдттун баяны:

Сириялык армиянын аскерлери менен бирдикте Башар Асаддын тарабында көптөгөн топтор согушуп жүргөнү мени абдан таң калтырды.

Ирактык “Махди Армиясынын” согушкерлерин көрдүк, алар шииттерден куралган. “Хезболланын” согушкерлерин жолуктурдук, Ирандан келген аскерлерди, ливандык “Амаль” аскер кыймылынын мүчөлөрүн жана россиялык солдаттарды да көрдүк. Россиялык аскерлер негизинен асманда жүрөт деп элестетип жүргөм, бирок биз аларды жер үстүндө да жолуктурдук.

Ал жолугушуу “Ислам мамлекети” тобунун борбор каалаасы делген Ракка шаарынан алыс эмес жерде болду. Биз аларды Дамасктан Алеппо шаарына барган жолдон кезиктирдик.

Бир жерден биз солго бурулушубуз керек болуп калды, анткени оңго бурулсаң Раккага кетип каласың, а биз аны каалаган эмеспиз. Анан биз Раккага бара жаткан орус аскерлерин көрүп калдык. Жыйынтыгында алар Раккага канчалык жакын барышканын билбейм, балким, алардын ал жерде чакан базасы бар болсо керек. Бирок алар Раккага бир топ эле жакын, болжол менен 50 чакырымдай аралыкта.

Так айтканда мен бир бронетраспортерду көрдүм. Мен мындай брондолгон унааларды мурун да көрүп жүргөм жана тактадым. Ал россиялык бронетраспортер болуп чыкты. Аскерлер менен сүйлөшкөн жокмун, бизге аларды сүрөткө же видеого тартууга тыюу салынган. Алар орус тилинде же башка тилде сүйлөгөнүн билбейм, бирок алар россиялык аскер кийимин кийген жана россиялык бронетранспортердо отурушкан.

Бронетранспортер тез өтүп кеткендиктен мен алардын аскердик таандыгын так көрүп баамдаганга жетишкен жокмун, бирок сириялык офицерлерден булар чын эле орустарбы деп сурасам, ал мага “Албетте, булар орустар”, - деп так жооп берген.

Сэр Тони Брентон, Улуу Британиянын Россиядагы мурунку элчисинин комментарийи:

Анын (Расмус Тантхолдттун) орус жөө аскерлерин көрдүм деп ойлогонуна таң калып турам. Орустар алардын Сирияда жөө аскерлери жок деп айтып келишкен. Ал жердеги чоң жоготуулар бул өлкөдө чоң чуулганга айланмак.

Калган нерсени ал туура сүрөттөгөн. Ал жерде чыныгы согуш башкалардын колу менен жүргүзүлүүдө: ирандыктар, сириялыктар жана башка. Бул байкоолору толугу менен туура.

Ислам экстремизми тууралуу айтып жатканда мен Владимир Путин менен бир бөлмөдө болчумун. Бул аны багыттап турган учурдагы негизги нерсе.

Алар (орустар) Батыштын исламчыл экстремизмге каршы аракеттерде иш билгилиги аз экенине ишенишет. Ошондой эле Иракта жана Ливиядагы болгон окуяларга көп шилтеме беришет. Алар ушундай жыйынтыктын Сирияда болушун каалашпайт.

Алар ошондой эле, исламчыл экстремизмди Сирияда жеңүү – Башар Асаддын режимин бекемдөө экенине терең ишенишет. Бул алар жасап жаткан иштин түпкү себеби десе болот.

Алар акыры Батыш менен жакындашып кызматташууну аябай каалашат, балким аларга достукта боло турган, сөзсүз эле Асад жеке катышпаган режим керектир.

Бирок алар толугу менен Асаддын позицияларын бекемдөөгө умтулууда. Анткени жуманын аягында ок чыгарууну токтотуу күчүнө кирет. Ушул себептен алар Алеппону колго алууну көздөп жатышат. Бул кадам Асад жакынкы убакта бийликтен кулатылбайт дегенге кепилдик бериши мүмкүн.

Алар ушундай эле нерселерди мурунтан жасап келген. Эгерде Украинадагы окуларды эстесек, өткөн жылдын февралында Минск келишимдери күчүнө кире электе алар ошол убакытты өз тарапкерлеринин позицияларын бекемдөө үчүн колдонуп, Дебальцевону ээлеп алышкан.

Россия негизинен ушул тыныгууну каалап тургандай (Сириядагы). Бирок эч ким ок чыгаруу токтооруна ишенбейт. Бирок Россия “Ислам мамлекети” Сирияны басып албашы үчүн Батыш менен кызматташууну каалайт.

Бул жагдайга Батыштын жана Россиянын көз караштары башча болуп айырмаланганы менен, эки тарап бири бирине ишенбесе дагы, кызматташуу иштеп башташы керек.

Сэр Тони Брентон бул комментарийди Би-би-си Today программасына дүйшөмбү күнү берген. (АВ)