Сирияда оорукананы бомбалоону айыптап жатышат

Оорукананы талкалаган бомбалоонун артында ким турганы азыр так белгилүү эмес.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Оорукананы талкалаган бомбалоонун артында ким турганы азыр так белгилүү эмес.
Published

БУУнун баш катчысы Сириянын түндүгүндөгү ооруканалар менен мектептерге абадан сокку урууну эл аралык укуктун наадандык менен бузулушу деп атады. АКШ жана Франция сириялык көтөрүлүшчүлөрдүн көзөмөлүндө турган шаарларда элүүдөй адамдын өлүмүнө алып келген бомбалоону кескин айыптап чыгышты.

Абадан соккуларды ким жасаганы азыр белгисиз. «Чек арасыз дарыгерлер» уюмунун өкулдөрү жана түрк бийликтери бул бомбалоонун артында Россиянын авиациясы же сириялык өкмөттүк күчтөр турат деп жатышат.

Россиялык бийликтер бул билдирүүлөргө реакция кылыша элек.

Сириянын Россиядагы элчиси Рияд Хаддад окуя болгон жердеги маалыматтарга таянып, «Россия 24» телеканалында сүйлөгөн сөзүндө Сириянын Идлиб провинциясындагы оорукананы америкалык авиация талкалады деп билдирди.

"Аскердик кылмыштар"

Пентагондун өкүлдөрү сириялык элчинин айыптоолорун четке кагышууда.

«Бул жалган. Америкалык авиация аба соккуларын Ракка менен Хасакеде бүгүн жасап жатат. Идлибди бомбалоого бизде негиз жок, анткени «Ислам мамлекети» экстремистттик тобу ал жакта активдүү эмес»,-деди капитан Джефф Дэвис.

Бир нече күн мурда Мюнхендеги конференцияда Сириядагы беш жылдан бери болуп жаткан кан төгүүлөрдү токтотуу жөнүндө макулдашуу жетишилген эле. Бул согуш 250 миңден ашык адамдын башын жутту.

Вашингтон дүйшөмбүдө аба соккуларын айыптап, Сириядагы касташкан тараптарды элдин өлүм-житимине жол бербөөгө жана аларга гуманитардык жардам көрсөтүүгө чакырган эле.

Жарандык объектилерге карай абадан жасалган жаңы соккулар Россиянын Сириядагы кан төгүүлөрдү токтото аларына күмөн жаратууда, деп айтылат АКШнын мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө.

Франция дагы жайкын тургундардын арасында курмандыктарга алып келген аба соккуларын кескин айыптаган билдирүүлөр менен чыкты. (КС)