Мюнхенде Сириядагы тараптарды жараштырууну макулдашышты

Published

Мюнхенде Сирия конфликти тууралуу сүйлөшүүдө тараптарды бир апта элдештирүүгө жетишишти, бирок бул террористтик топторго тиешеси жок.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри билдиргендей, сунуш кылынган элдешүү “Ислам мамлекети” аталган экстремисттик топко, “Нусрдун фронтуна” жана башка куралдуу түзүлүштөргө тиешеси жок.

Анын орусиялык кесиптеши Сергей Лавров өз кезегинде Сирияда “ИМге” каршы жерден жүргүзүлгөн операция кырдаалды курчутушунан чочулап жатат. Апталык элдешүүгө Мюнхень сүйлөшүүсүнө катышып жаткан бардык тарап макул болду.

Лавров менен Керринин британдык кесиптеши Филип Хэммонд элдешүү Орусия аба соккулары менен Башар Асадды колдоосун токтоткондо гана ишке ашаарын билдирди.

БУУнун тынчтык үчүн күчтөрү бардык конфликтик аймактарда гуманитардык миссияны орнотуш керек.

Шейшембиде сүйлөшүүнүн катышуучулары бири-бирин айыпташты. Орусиянын тышкы иштер министрлиги Эр-Рияддан келген өкүлдөрдү макулдашууну бузууга аракет кылды деп айыптап, Сирия боюнча сүйлөшүүнү токтотууга жоопкерчиликти сириялык оппозицияга жүктөдү.

АКШ жана Түркия болсо орус бийлигинин Сириядагы аракетинен улам сүйлөшүү жылды деп эсептейт. (AK)