Британия армиясы күн батареясындагы дрондорду сатып алат

Published

Улуу Британиянын Коргоо министрлиги көп убакыт бою күн батареясы менен уча турган дрондорду сатып алган жатат.

Учкучсуз башкарылган Zephyrs учактары күн батареясы менен иштеп, асманда бир нече ай бою кошумча кубат албай эле учуп жүрө алат.

Британияда жасалып чыккан мындай дрондор жеңил жабдууларды, мисалы байкоо жүргүзүү жана байланыш каражаттарын алып жүрө алат.

Биринчи этапта эки дрон сатып алынат деп айтылууда.

Учкучсуз башкарылган технология британиялык QinetiQ компаниясы тарабынан иштелип чыгып, өндүрүшкө киргизилген, аны кийин Airbus Group компаниясы сатып алган.

Zephyrs учактары асманда кошумча күч-кубат албай көп убакыт жүрө турган учуучу каражаттардын арасында дүйнөлүк рекорд койгон.