Пакистанда университетке кол салууда кеминде 20 адам өлдү

Университеттин аймагы армиянын жана полициянын атайын даярдыктагы күчтөрү менен курчалып турат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Университеттин аймагы армиянын жана полициянын атайын даярдыктагы күчтөрү менен курчалып турат.
Published

Пакистандын түндүк-батышындагы Чарсадда шаарындагы университетке согушчандар кол салып, соңку маалымат боюнча кеминде жыйырма адам өлдү. Элүү чамалуу киши жаракат алган. Бийлик атышууда кол салгандардын төртү өлтүрүлдү деп билдирди.

Үч саатча уланган ок атуу токтоду. Канча адам кол салганы жана университеттин ичинде канчасы жашынып калганы азырынча белгисиз.

Согушчандар университет имаратынын экинчи жана үчүнчү кабатынын бир тарабында тосулган. Окугандар жана мугалимдер даараткана менен аудиторияларга жашынган. Терезеден секирип кеткендер болгон. 2014-жылы Пешавардан алыс эмес жерде жергиликтүү мектепке кол салууда 130 киши өлгөн. Бача Хан университети жайгашкан Чарсадда шаары Пешевардан элүү чакырым алыстыкта жайгашкан.

Чабуул шаршемби таңында жергиликтүү саат боюнча тогуз жарымда башталды. Күбөлөрдун айтымында, кол салгандар университетке анын тосмолорунан өтүп киришкен.

Полиция жана армия күчтөрү келгенден кийин университеттин аймагында атышуу башталган. Күбөлөр жатакананын жанында эки жолу жарылуу үнүн укканын айтууда. Университеттин аймагы армиянын жана полициянын атайын даярдыктагы күчтөрү менен курчалды.

Франс пресс агенттиги мурдараак кол салууну “Талибан” кыймылы мойнуна алды деп жазса, кыймылдын Пакистандагы өкүлү Мохаммед Хурасани Би-Би-Сиге бул маалымат жалган деди. Анын айтымында, окуу жайына кол салуу исламга туура келбейт жана алар кол салды деген маалыматты ким таратканын тактоого сөз берем деди.

Университеттин доценти Шакур Би-Би-Сиге кол салуу болгонун билгенде университетке кайтып келгенин айтууда. Кол салуу башталганда көп студенттер келе элек болчу. Кол салуу жатакана жайгашкан арткы эшик тараптан башталган.

Мугалимдин божомолунда, кол салууга пушту акыны жана британ колонизаторлоруна зордук-зомбулуксуз каршылык кылууга үндөгөн улут лидери Бача Ханга арналган поэзия кечеси себеп болушу ыктымал. Университет шаардан бир аз алыс жана талаалардын ортосунда болгондуктан бутага оңой илинди. Ал 2012-жылы негизделген.