Францияда мусулмандарга каршы кылмыштар үч эсе өстү

Published

Өткөн жылы Францияда мусулмандарды жек көрүүдөн орун алган кылмыштардын саны үч эсе өстү. Франциянын ички иштер министри Бернар Казнёв мусулмандарга 400 чамалуу кол салуу болгонун, 2014-жылы анын саны 133 экенин билдирди.

Кол салуунун жарымынан көбү өткөн жылдын январь айында ислам согушчандары Парижде Charlie Hebdo сатиралык журналына кол салып, он жети адам өлгөндөн кийин орун алган.

Ноябрда Парижде 130 кишинин өмүрүн алган катар катар терактардан кийин мусулмандарга кол салуу көбөйөт деген кооптонуу азыркы тапта да сакталууда.

Ошол эле учурда Казнёв еврейлерге каршы кол салуулар өткөн жылы бир аз кыскарганын кошумчалады. Министрдин сөзүнө ылайык, христиан сыйынуу жайларына жана көрүстөндөрүнө 800 чамалуу кол салуу катталган.