Иерусалимде палестиналыктардын кол салуусунда эки израилдик өлдү

Сүрөттүн булагы, AFP
Иерусалимдин борбордук райондорунун биринде эки палестиналыктардын бычак менен кол салуусунан кийин эки израилдик жаран мерт кетти.
Кол салгандарды токтотууга аракет кылган полиция кокустан израилдиктердин бирин өлтүрүп алды. Экинчи израилдик бычактан алган жараатынан ооруканада көз жумду.
Жараат алган дагы бирөөсү ооруканада жатат.
Акыркы үч айда Израилде палестиналыктар израилдиктерге бир нече жолу кол салды. Анда 120дан ашык адамдын жаный кыйылды, жүздөн ашыгы палестиналыктар.
Көпчүлүк учурда бычак алып жүргөн араб тестиерлери израилдиктерге кол салышкан жана полициянын огунан же өздөрү кол салгандардын колунан көз жумушкан.
Палестиналыктар дагы Батыш жээкте же Газа менен чектешкен чек арада израилдик аскерлер менен чыккан чыр-чатакта өлүшкөн.

























