Түркия “ИМ” тобунан мунай сатып алынбаганын билдирүүдө

Сүрөттүн булагы, AP
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган эгер Түркия “Ислам мамлекети” тобунан мунай сатып алганы далилденсе, кызматтан чегинүүгө убада кылды.
Климаттык өзгөрүү боюнча Париждеги саммитте Эрдоган журналисттерге кайрылып: “Бул далилденсе, анда биздин улуттук ар-намысыбыз менин кызматтан кетишимди талап кылат”, - деп айтты.
“Биз террористтерден нефть сатып алгыдай эки жүздүү эмеспиз. Бул далилденсе, кызматтан кетем. Кандайдыр бир далилдери болсо, көрсөтүшсүн”, - деди Эрдоган.
Мындан мурдараак Орусия Түркияны Сирия менен чектешкен аймакта орусиялык Су-24 аскерий учагын өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топ менен мунайзат соода-сатыгын коргош үчүн атып түшүрдү деп айыптаган.
Парижде климаттык өзгөрүү боюнча пресс-конференцияда сөз сүйлөгөн Путин “бул абда чоң ката болгон ” деп айтты.
“Ислам мамлекети”жана башка террористтик уюмдар көзөмөлдөгөн аймактардагы мунайзат кендеринен Түркиянын аймагына ири көлөмдөгү мунай өтүп жатат деген кошумча далилдер бар”, - деди Путин.

Сүрөттүн булагы, AP
Орусия мындан мурдараак да Түркия “Ислам мамлекети” тобунан мунайзат сатып алып жатат деп айыптаган. Бирок, Анкара мындай айыптарды четке кагууда.
Андан тышкары, Путин Париж саммитинин алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушпаганын тастыктады.
Ишемби күнү Орусия президенти Түркияга каршы санкцияларды киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Түрк лидери Эрдоган мындай кадамга жооп кылып, Су-24 учагынын атып түшүрүлгөнүнө өкүнөөрүн билдирген.
Орусиянын Су-24 истребитель-бомбардировщиги 24-ноябрда Түркия менен Сириянын чектешкен аймагында атып түшүрүлгөн. Учактын эки пилоту катапульт жолу менен секирип түшкөн, бирок алардын бирөөнү Сирия аймагындагы согушкерлер жерден атып өлтүрүшкөн. Экинчиси аман-эсен куткарылган.
Анкара Орусиянын аскерий учагы бир катар эскертүүлөргө карабастан, Түркиянын аба мейкиндигин бузду деп эсептейт. Москва болсо, учак Сирия аймагында атып түшүрүлгөнүн айтып, эч кандай эскертүү болбогонун ишендирүүгө аракет кылууда.




























