АКШ террористтик коркунучка байланыштуу сактыкка чакырды

Ал ортодо Бельгиянын борбор калаасы Брюсселдеги террористтик чабуул коркунучуна байланыштуу жогорку даярдык абалы дагы бир аптага узарды.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ал ортодо Бельгиянын борбор калаасы Брюсселдеги террористтик чабуул коркунучуна байланыштуу жогорку даярдык абалы дагы бир аптага узарды.
Published

АКШ өзүнүн чет өлкөгө чыккан атуулдарын терроризм коркунучуна байланыштуу сак болууга чакырды.

Мамлекеттик департамент тараткан билдирүүдө өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топ, Аль-Каида, Боко Харам жана башка экстремисттик уюмдар бир катар аймактарда террористтик чабуулдарды пландап жатат деген божомол бар экени айтылган.

Чукул даярдык абалы 2016-жылдын 24-февралына чейин сакталат деп айтылган бул документте.

Соңку бир нече ай ичинде куралчан топтор Орусия, Франция, Мали жана бир катар өлкөлөрдү бутага алышкан.

АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Би-Би-Сиге “азыркы учурда АКШ атуулдары атайылап бутага алынат дегенге эч кандай негиз жок”, - деп айтты.

Ал ортодо Бельгиянын борбор калаасы Брюсселдеги террористтик чабуул коркунучуна байланыштуу жогорку даярдык абалы дагы бир аптага узарды.

Бул өлкөдө 13-ноябрдагы Париж чабуулдарына окшош кол салуу болот деген кооптонуулардан улам коопсуздук чаралары күчөтүлүп, бир катар шектүү адамдар кармалган.