Орусия: А321 учагын теракт кыйраткан

Published

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) башчысы Александр Бортников президент Путин менен жолугуп, Египеттеги А321 учагынын кыйрашы теракт болгонун билдирди.

Орусиялык "Когалымавиа" компаниясынын учагы 31-октябрда Египеттин Шарм-эш-Шейх шаарынан Санкт-Петербург багытында баратып, Синай жарым аралында кыйрап түшкөн. Бортундагы 217 жүргүнчү жана 7 экипаж мүчөсү – бардыгы болуп 224 киши мерт болгон.

ФСБнын маалыматы боюнча, экспертиза учактын сыныктарынан жардыруучу заттын калдыктарын тапкан.

Президент В.Путин бул билдирүүгө жооп кылып, учактын кыйрашына күнөөлүүлөрдү “дүйнөнүн кайсыл бурчунда болбосун табабыз жана жазалайбыз” – деп убада берди.

ФСБнын коомчулук менен байланышуу бөлүмү А321 учыгынын кыйрашына күнөлүү адамдарды табууга жардам берген маалымат үчүн 50 миллион АКШ доллары өлчөмдүндө сыйлык жарыялады.

Синайдагы авиакырсыкка өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топ жоопкерчилик алып, эки жолу билдирүү жасаган.

А321 учагынын кыйрашы Орусия жана СССРдин авиация тарыхындагы эң кандуу окуя болуп калды.

Учак жардырылган болушу мүмкүн деген версияны алгачкылардан болуп АКШнын жана Улуу Британиянын чалгын кызматтары ачыкка чыгарган.

Улуу Британия кыска убакыттын ичинде Египет каттамдарын токтотуп, өзүнүн атуулдарын эвакуациялаган эле.

Орусия башыда мындай версияларды экспертизалык иликтөөлөр жыйынтыкталмайынча чындыкка жатпайт деп четке каккан. Бирок көп өтпөй өзү дагы Египет каттамдарын токтотуп, атуулдарын алып чыгып кеткен.