Лахор: уранды алдынан үндөр угулат

Сүрөттүн булагы, AFP
Пакистандын Лахор шаарында фабриканын имараты кыйрап, ондогон адамдар урандылардын алдында калды. Кеминде 20 киши мерт болду.
Куткаруу иштерине крандар жана бульдозерлер тартылды. Армия дагы жардам көрсөтүп жатат.
Окуя болгон жерде жүргөн кабарчыбыз Шаима Халилдин айтымында, урандылардын алдынан дагы деле үндөр угулуп жатат.

Сүрөттүн булагы, AFP
“Кырсык болгон жердеги абал үрөй учурат. Кыйраган имарат кабат-кабат бетон болуп жерде жатат. Темир конструкциялары дагы бүктөлүп калган”, - дейт Би-Би-Си кабарчысы.
Бул Лахор шаарынын четинде жайгашкан фабрика имараты. Кырсык болгондо анын ичинде жүз элүүдөй жумушчу бар болчу деп айтылууда.
Кырсык 4-ноябрда кечинде болгон. Андан дээрлик бир күн өтүп, бейшемби күнү кечки сааттарга чейин алынган маалыматка караганда, бери дегенде жыйырмадай киши каза тапкан.
Жүздөн ашуун киши тирүү куткарылган. Алардын көбүн куткаруучулар дароо оорукагана жеткиришкен. Ал эми урандылардын алдында дагы 15-20дай киши көмүлүп жатат деген божомо бар.

Сүрөттүн булагы, AFP
Аларды куткаруу иштери улантылууда. Окуя болгон жерге крандар, бюльдозерлер тартылган. Пакистандын армиясы дагы куткаруучуларга кол кабыш кылууда.
Би-Би-Си кабарчысы куткаруучулардын бири менен сүйлөшкөндө, урандылардын алдынан үндөр угулуп жатканын айткан. Жумушчулардын туугандары кырсык болгон жерге келип, кабар күтүшүүдө.
Имарат эмнеден улам кулаганы азырынча белгисиз. Мындан бир апта мурда Пакистанда катуу жер титирөө болгондо бул имараттын конструкциясына доо кеткен деген жоромолдор айтылып жатат.

Сүрөттүн булагы, AFP
Анткени менен Пакистанда курулуш сапаттары демейде абдан төмөн.
Маалыматтарга караганда, шаардын четиндеги бул фабриканын эки кабаты колдонууга берилген. Окуя болгон учурда үчүнчү кабатында курулуш иштери жүрүп жаткан.





























