Киев мэрлигине шайлоодо Кличко алдыда

Сүрөттүн булагы, EPA
Украинанын баш калаасы Киевдин мэрлигине шайлоодо азыркы мэр Виталий Кличко алдыда келе жатат. “Украина шайлоочуларынын комитети” уюмунун алдын ала маалыматы боюнча Кличко 40,4% добуш алды.
Анын негизги атаандашы - "Батькивщина" партиясынын талапкери Владимир Бондаренко 8,7% алганы божомолдонууда.
Үчүнчү орунда 8,1% менен мурдагы мэр Александр Омельченко турат.
Эгер бул маалыматтар такталса, анда шайлоонун экинчи айлампасы жарыяланат. Украинанын мыйзамдары боюнча талапкерлердин бири дагы 50%дан жогору добуш ала албаса, жарыштын экинчи айлампасы өтөт.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Шаар башчылык орунга шайлоолордун экинчи айлампасы Львов, Днепропетровск жана Одессада да өтүшү күтүлүүдө.
Жекшемби күнү Украинада жергиликтүү бийликтерди шайлоо областык жана райондук масштабдагы 358 шаарда өткөрүлдү.
Орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн Донецк, Луганск аймактарынын айрым бөлүктөрүндө шайлоо болгон жок.

























