Apple жаңы үлгүдөгү смартфондорду сунуштады

iPad Pro болсо iPad дүйнөсүндөгү эң чоң жаңылык болду деп кабылданууда.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, iPad Pro болсо iPad дүйнөсүндөгү эң чоң жаңылык болду деп кабылданууда.
Published

Apple өзүнүн жаңы iPhone 6s жана iPhone 6s Plus, iPad Pro продукцияларын, ошондой эле Apple TV жаңыланган үлгүлөрүн сунуштады.

Apple жаңы продукцияларынын бет ачары Сан-Францискодогу спорт комплексинде өткөрүлүп, 7 миңдей киши келди. Жаңы продукцияларды компаниянын генералдык директору Тим Кук тааныштырды. Компания өзүнүн акыркы жолу чыгарган смартфондоруна s деген сөздү кошуп жаңылаган. Куктун айтымында смартфондордун ичиндеги көп нерсе өзгөртүлдү. Жаңы смартфондун девайсы 3D Touch технологиясы менен жаңыланган. Мурдагы үлгүнүн камерасындагы 8 мега Пикселдин ордуна 12 мега Пиксел орнотулган.

Жаңы үлгүдөгү iPhone 25-сентябрдан тарта сатыкка чыгарылат. АКШдагы сатык баасы 6S - 199 доллардан 399 долларга чейин, ал эми 6S Plus - 299 доллардан 499 долларга чейин.

Жаңы операциялык iOS 9 системасын 16-сентябрдан тарта көчүрүп алса болот. iPad Pro болсо iPad дүйнөсүндөгү эң чоң жаңылык болду деп кабылданууда. Планшетти өзүнүн клавиатурасына улап койсо болот, нотбукка айландырса да болот. Жаңы планшеттин аккумулятору 10 саат боюу иштегенге мүмкүндүк берет.

Жаңыланган наркы боюнча 32 гигабайт iPad Pro - 799 доллар, 128 гигабайт 949 доллар (симкартасы жок), 128 гигабайт сим карта түшө турганы 1079 доллар деп бааланды.