Чаддын парламенти теракт үчүн өлүм жазасын кайтарды

Published

Чаддын парламенти өлкөдө террористтик акцияларды уюштуруп, ишке ашыргандарга өлүм жазасын кайтарып келүү жөнүндө чечим кабыл алды. Өлүм жазасы жарым жыл мурда эле алынып салынган болчу.

Оппозиция жана укук коргоочулар өлүм жазасын кайтарып келүүгө каршы чыгышты. Алар террорчулукка каршы мыйзамдын бул жобосу саясий куугунтук жасоо жана жарандык укуктарды бузуу үчүн колдонулушу мүмкүн.

Бул чечим «Боко Харам” исламдык тобунун согушкерлеринин кол салуусунан кийин болуп отурат. Июлдун орто ченинде Чаддын борбору Нджаменде базарда жардыруу болуп, бери дегенде он беш адам курман болду. Өлкөнүн бийликтери бул кол салуунун артында “Боко Харам” бар деп деп жатышат.

"Боко Харам" негизинен Нигерияда, бирок соңку учурда Чаддын аскерлери исламчыларга каршы согуштук операцияга катышкандан кийин кол салуулар бул жакта дагы боло баштады.

"Боко Харам” батыштын билим берүүсүнө каршы чыккан уюм катары жаралган, анын согушкерлери мектептерге жана башка билим берүү мекемелерине көп кол салышат.