“Ислам мамлекети” чабуулдарын күчөттү

Кобане кайрадан чабуулга кабылып, өрткө чулганды.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кобане кайрадан чабуулга кабылып, өрткө чулганды.
Published

“Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери Сириянын түндүгүндөгү шаарларга чабуул баштады. Алар ушул тапта Кобане шаарында күрт аскерлери менен кагылышууда. Буга удаа аймактагы негизги шаар Хасекеге кирип келишти.

Хасеке шаары буга чейин толугу менен өкмөттүк күчтөр жана күрт куралчандарынын көзөмөлүндө болчу. "Ислам мамлекети" тобунун кол салуусу өкмөттүк күчтөрдүн айрым аймактардан чыгып кетүүгө аргасыз кылды.

Соңку маалыматтарга караганда, шаардын эки району согушкерлердин карамагына өттү. Сириянын мамлекеттик телеканалы жергиликтүү тургундар үйлөрүнөн качып чыгып жатканын айтууда. Андан тышкары бир катар кишилер өлгөнү кабарланып жатат.

Кобанеде жарадар болгондор Түркиянын Суруч шаарында дарыланууда.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кобанеде жарадар болгондор Түркиянын Суруч шаарында дарыланууда.

Кобане кайрадан чабуулга кабылып, өрткө чулганды. "Ислам мамлекетинин" согушкерлери чабуулду шаар ичиндеги бир нече жерден башташты. Жардыруунун артынан жардыруу угулуп жатты, бирок согушкерлер бара бара жок кылынганы кабарланды.

Жихадчылар Түркия менен Сириянын чек арасынан кайтып жаткан качкындар кейиптенип шаарга кирип келгени божомолдонууда. Айрымдары күрд бөлүмдөрүнүн формасын кийип жашырынган.

Бир нече апталардан бери "Ислам мамлекети" тобу Түркия менен чектеш жайгашкан бул аймакта чегинүүгө дуушар болгон. Эми кайрадан баш көтөргөнү айтылып жатат.