АКШ: кызды түртүп жиберген полиция кызматтан кетти

Сүрөттүн булагы, na
Published
Америкада кара терилүү кызды жерге жаткырып, анын досторун тапанча менен коркуткан полиция кызматкери жөнүндөгү видео интернетке жайылып кеткенден кийин полиция иштен алынды.
Бул окуя Далласка жакын жерде болгон. Жергиликтүү полицияга көңүл ачуу кечесинде тартип бузуулар катталганы жөнүндө маалымат келип түшкөн.
Алар келишкенде бассейндин жанында эс алып жаткан өспүрүмдөрдүн арасында кара терилүү купальник кийген кыз отурган. Видеодо аны офицер Эрик Кейсболт жерге түртүп салганы тартылган.
Андан көп өтпөй жүздөгөн кишилер көчөгө чыгып, бул полиция кызматкеринин кызматтан алынуусун талап кылышкан эле.
























