Чоң жетилик: Обамадан Путинге эскертүү

Сүрөттүн булагы, AFP
"Чоң жетиликтин" Бавариядагы саммитинде Орусияга каршы санкциялардын мындан ары дагы күчөтүлүшү тууралуу талкуулар жүрдү. АКШнын президенти Барак Обама Орусиянын лидери Владимир Путин тарыхый чечимдердин алдында турганын эскертти.
"Путин чыны менен эле мурдагы Советтик империянын дымагын кайтарып келүү аракети менен өз өлкөсүнүн экономикасын талкалоону улантабы же жокпу?", - деп белгиледи Обама.
"Чоң жетилик" өлкөлөрүнүн лидерлери бул саммитте Орусиянын президенти Владимир Путинге карата эл аралык басымды күчөтүүгө аракет кылышты. Анда Орусия Украинага байланыштуу жүргүзүп жаткан саясатын өзгөртпөсө, Батыштын санкциялары мындан ары да күчөтүлөөрү ачык айтылды.

Сүрөттүн булагы, AP
Президент Обама Орусиянын экономикасы катуу зыян тартып жатканын белгилеп, Москвадагы жетекчилердин тарыхый чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.
"Путин Советтик империянын дымагын кайтарып келүү максатындагы жаңылыш багытын улантып, өз өлкөсүнүн экономикасын талкалоону улантабы, же Орусиянын улуулугу башка өлкөлөрдүн суверинитетине жана аймактык бүтүндүгүнө кол салуу менен байланыштуу болбой турганын түшүнөбү", - деп суроо салды Обама.
"Чоң жетилик" жыйынында мындан тышкары глобалдык климаттык өзгөрүү, ошондой эле экстремизмге каршы күрөштө өкмөттөргө жардам берүү, Ирак менен Сириядагы "Ислам мамлекети" тобуна каршы күрөшүү маселелери талкууланды.
























