Британиядагы шайлоону Консерваторлор утту

Published

Британияда жалпы элдик шайлоодо добуш берүү аяктап, алдын-ала жыйынтыктары боюнча Консерватор партиясы күтүүсүз көпчүлүк добушту алды.

Шайлоонун алдында көпчүлүк серепчилер коалициялык өкмөт түзүлөт деп жоромолдошкон.

Оппозициядагы Лейборситтердин лидери Эд Милибанд кызматынан чегинди. Партиянын негизги мүчөлөрүнүн бири Эд Баллз өз округунда утулуп калды.

Ал эми Консерваторлор менен коалициялык өкмөт түзгөн Либерал-Демократтар, бир нече мандатын эле сактап калышты.

Шотландиянын улутчул партиясы өз округунда 59 мандаттан, 53 орунду алды. Партиянын лидери Никола Старджен Консерваторлор Шотландиядагы көпчүлүктүн пикирин эске алышы керек деп билдирди. Бул партия Британиянын курамынан чыгууну көздөп, референдум өткөргөн.

Ашынган улутчул ЮКИП партиясы менен Жашылдар партиясы шайлоодо бирден эле мандат алганы айтылууда. Бирок ЮКИП толугу менен добуштардын 10 пайызын утуп алган. Партиянын жетекчиси Британиянын шайлоо системасын сынга алып, миллиондогон тургундардын үнү угулбай калганын билдирди.

Бүт өлкө боюнча 50 миң добуш берүү участкалары иштеди. Бул шайлоодо парламентке 650 депутат шайланат. Бир эле учурда 279 райондо жергиликтүү кеңештерге шайлоо болду, ал эми бир катар шаарларда жаңы мэр шайланууда.