ФБР хакерлердин коркунучу тууралуу авиокомпанияларды эскертти

Эксперттердин айтымында, террористтер учакта отуруп эле анын башкаруучу электрондук системасын бузуп кирип, учакты көзөмөлгө алышы теориялык жактан мүмкүн
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эксперттердин айтымында, террористтер учакта отуруп эле анын башкаруучу электрондук системасын бузуп кирип, учакты көзөмөлгө алышы теориялык жактан мүмкүн
Published

АКШнын Борбордук чалгындоо агенттиги (ФБР) хакерлердин чабуулдары, анын коркунучу тууралуу расмий түрдө авиокомпанияларга эскертүү берди.

Өткөн аптада интернет коопсуздугу боюнча эксперт Крис Робертстин United Airlines учагында отуруп, анын Wi-Fi системасын бузуп салууга болот деп айткан тамаша сөзүнөн кийин ФБР ушундай эскертүүлөрдү жолдогон.

Эксперттердин айтымында, террористтер учакта отуруп эле анын башкаруучу электрондук системасын бузуп кирип, учакты көзөмөлгө алышы теориялык жактан мүмкүн. United Airlines авиокомпаниясы мындан ары өзүнүн учактарында учууга Крис Робертске тыюу салды.

Учурда Wi-Fi үйлөрдө, кеңселерде гана эмес, такси жана дээрлик бардык учактарда орнотулган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Учурда Wi-Fi үйлөрдө, кеңселерде гана эмес, такси жана дээрлик бардык учактарда орнотулган

ФБР жана АКШнын транспорт коопсуздугу боюнча башкармалыгы бортто жайгашкан Wi-Fi аркылуу учактын навигациялык системасын бузуу мүмкүн экендиги жөнүндө маалыматтары жок экенин айтышып, бул иш тыкыр иликтенип жатканын билдиришүүдө.

ФБР авиокомпанияларга төмөнкүдөй кеңештерди берет:

  • Бортто отурган жүргүнчү IFE ге (бортто көңүл ачуу системасына) кабелдик байланыш аркылуу кошулган болсо тезинен билдирүү керек;
  • Учак жерге конгондон кийин байланыш каражаттарында кандайдыр бир өзгөрүү байкалса кабарлоо керек;
  • Учакка, анын учуусуна байланыштуу социалдык тармактарда коркуткан ар кандай билдирүүлөр жарыяланса билдирүү зарыл;
  • Учактагы тармактарга байланышуу жагын көзөмөлгө алуу керек.

Учурда Wi-Fi үйлөргө, кеңселерге гана эмес, такси жана дээрлик бардык учактарга орнотулган.