Юрген Клопп "Боррусиядан" кетет
Дүйнөдөгү маанилүү спорт жаңылыктары менен таанышып алыңыз.
ФУТБОЛ

Сүрөттүн булагы, AP
“Боруссиянын” 47 жаштагы тренери Юрген Клопп сезон аягында Бундеслигадан кетээрин айтты. Машыктыруучунун 2018-жылга чейин контракты бар болчу.
Ал 2008-жылдан бери “Боруссияга” Бундеслиганын эки титулун алып берген. 2012-13-жылдары Чемпиондор лигасынын финалына чыгарган. Финалда “Баварияга” 2-1 эсеби менен жеңилип калган.
“Мен клуб үчүн зарыл машыктыруучу болбой калдым деп ойлосом, ошол замат иштен кетем деп айткам. Менимче бул чечим туура болду”, -деп билдирди Клопп.
“Боруссия” бул сезондо январдан бери эң акыркы сапта келе жатып, акыры онунчу оорунга чыкты.
Европанын эң мыкты тренерлердин бири болуп саналган Клоппту “Манчестер Юнайтед” жана “Арсенал” сыяктуу клубдар чакырып алууга үмүттөнгөнү да айтылып келет.
Клопп болсо башка клубдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө электигин, бирок, жаңы сунуштарга ачык экенин билдирди.
Рахим Стерлинг
Британянын гезити “Ливерпулдун” оюнчусу Рахим Стерлингдин күлдүргөн дары ичип жаткан сүрөтүн чыгарып жиберди.
“Ливерпулдун” теренери Брендан Роджерс Стерлингдин кадамын сынга алды.
“Стерлингдей мыкты оюнчулар мындай кадамдарга барбаш керек. Мен анын өзү менен да сүйлөшөм. Анын пикирин уккум келет. Бул клубда футболду гана ойлогон профессионал оюнчулар керек. Стерлинг ал оюнчулардын катарына кирет. Бирок жаштар ката кетирип алышат”, -деди Роджерс.
Сүрөттө 20 жаштагы Англиянын чабуулчусу мыйзам тарабынан уруксат берилген дарыны ичип жатканын көрсө болот.
ФОРМУЛА-1

Сүрөттүн булагы, AFP
2015-жылкы Формула-1 сезонунун үч эле жарышы өттү. Бирок “Мерседес” командасы эмитен эле чыңалууда.
Кытайдын Гран-При жарышында Льюис Хэмилтон Нико Росбергти экинчи оорунда калтырган. Росберг Хэмилтон ага атайын тоскоол болуп, үчүнчү келе жаткан Себастиян Феттелдин жолуна сүрүп чыгарды деп билдирди. Хэмилтон болсо айыптоону четке какты.
Эми экөөнүн кармашы келээрки демалышта Бахрэйнде уланат.
ТЕННИС
Теннисте Франциянын ачык чемпионатынын байгеси быйыл 29 миллион долларга чейин көбөйдү. Эми чемпиондор 2 миллион доллар алышат.
Бул өткөн жылы Надаль менен Шарапова алган байгеден 160 миң долларга көп.
Айтмакчы, турнирдин башында утулуп калгандардын байгеси да көбөйгөн экен.
ОЛИМПИАДА ОЮНДАРЫ
Орусиянын парламенти спортчуларга экиден көп олимпиада оюндарына катышууга тыую салган мыйзамды караштырууда.
Мыйзам травма көп алган атактуу спортчуларды чектеп, жаш атлеттерге жол берүүгө багытталган.
Буга өткөн жылы Сочи оюндарында Евгений Плющенко акыркы мүнөттө мелдештен чыгып кеткени себеп болду.

Сүрөттүн булагы, Getty
Ал ортодо олимп тарыхындагы эң ийгиликтүү атлеттердин бири, сууда сүзүүчү Майкл Фелпс кайрадан машыга баштады.
Ал мас болуп, унаа айдаганы үчүн алты айга спорттон четтетилген болчу. 18 жолу алтын медаль уткан спортчу ай соңунда Аризонадагы мелдешке катышып, 2016-жылкы олимпиадага даярдана баштайт.
Фелпс 2012-жылкы Лондон оюндарынан кийин спорттон кеткен эле. Бирок эми төртүнчү олимпиадага катышууну көздөйт.





























