Путин Рамзан Кадыровду орден менен сыйлады

Сүрөттүн булагы, Getty
Чечен президенти Рамзан Кадыровдун оппозициялык саясатчы Борис Немцовдун өлүмүнө шектүү делинген Заур Дадаев жөнүндө социалдык тармактарда жазгандарын орусиялык блоггерлер сындап жаткан чакта, президент Путин Кадыровду орден менен сыйлады.
Орусия президентинин указы расмий сайтта жарыяланып, анда Кадыров “активдүү коомдук ишмердиги, көп жылдык адал эмгеги” үчүн орден менен сыйлансын деп жазылган.
Буга чейин Рамзан Кадыров Путиндин колунан "Ата мекенге кызматы жана эрдиги үчүн төртүнчү даражадагы орден" жана "Орусия Федерациясынын баатыры” деген наам алган болчу.

Сүрөттүн булагы, RIA Novosti
Кадыровдун “чыныгы патриоту”
Жекшемби күнү Рамзан Кадыров өзүнүн Instagram баракчасына Немцовду өлтүрүүгө шектелген Заур Дадаевди “Орусиянын чыныгы патриоту, ал кызмат өтөп жүргөндө эң кайратуу, эр жүрөк аскерлердин бири болгон” деп жазган эле.
Дадаев чечен президенти Рамзан Кадыров түзгөн “Түндүк” батальонунун командиринин орун басары болгон. 2010-жылы президент Путиндин указы менен ага «Эрдик ордени» берилген.
Кече саясатчы Борис Немцовду өлтүрүүгө тиешеси бар деп айыпталып жаткан Заур Дадаев өзүнө коюлган айыптоону моюнга алганы маалым болгон.
Ал ортодо орусиялык блоггерлер Рамзан Кадыров кылмышка шектелген Дадаевди калкалап жатат деп сындап чыгышты.
“Куралы жок бараткан орусиялык жаранды артынан атып өлтүргөн деп айыпталып жаткан адамды Кадыров ата мекенге берилген кызматкер деп калкалап жатса, бул өтө олуттуу билдирүү”, - деп жазат коомдук ишмер Антон Носик.




























