Белгисиз адам Дэвид Кэмеронго байланышка чыккан

Кэмерон маектеши такыр эле башка киши экенин билгенден кийин телефонун коюп салган экен.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кэмерон маектеши такыр эле башка киши экенин билгенден кийин телефонун коюп салган экен.
Published

Британ премьер-министри Дэвид Кэмерондун коопсуздук кызматы, белгисиз киши кантип өкмөт башчыга чалып байланышканы туралуу териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Өкмөттүн өкүлдөрү тараткан маалыматта белгисиз адам Кэмеронго байланышка чыгып, өзүн өкмөттүк байланыш борборунун директорумун деп тааныштырган. Кэмерон маектеши такыр эле башка киши экенин билгенден кийин телефонун коюп салган экен. Өкмөттүн маалымат кызматы ашыкча эч кандай сөз болгон эмес деген маалымат таратты.

Ошондой эле бул белгисиз киши алдоо жолу менен Хэннигэндин телефон номерин да сурап алган. Байланыш борбору бул кандайча болгонун иликтеп жатат. Болжолу Хэннигэндин номери жашыруун болгон эмес. Өкмөттүк департамент телефон сүйлөшүүлөрдөн сак болууга чакырды.

Бул өкмөттөгү биринчи жолку окуя эмес. 1998-жылы радио алып баруучу Стив Пенк ошол кездеги өкмөт башчы Тони Блэрге чалып, өзүн консервативдер партиясынын лидери Уильям Хейг катары тааныштырган окуя болгон.

2002-жылы Даунинг-стриттин телефон операторлору өтө көп сандагы чалууларга туш болушкан. Белгисиз адамдар тамаша иретинде бир катар кишилерге “Тони менен сүйлөшөм” деп айттырып телефон чалдырган.