Франциядагы биримдик маршына үч миллион киши чыкты

Сүрөттүн булагы, AFP
Франциянын шаарларында террорлордун чабуулунан каза болгон 17 кишини эскерип, үч миллиондон ашык киши жүрүшкө чыкты.
Парижде өткөн биримдик маршына 1,6 миллон киши чыккан. Милициянын маалыматы боюнча, көп кишинин катышуусундагы мындай жүрүш борбор калаанын көчөлөрүндө алгачкы жолу болуп жатат.
Би-Би-Си кабарчысы маалымдагандай, жекшембидеги акцияга ар кайсы курактагы, түрдүү кесиптеги, ар башка социалдык катмардагы адамдар чогулуп, экстремизмге каршы туруу ниеттерин билдиришти.
Биримдик акциясына элүүгө жакын өлкөнүн жетекчилери катышты. Франциянын ички иштер министри Бернар Казнев өзүнүн билдирүүсүндө, шаар көчөлөрүнө чогулгандар күтүлгөндөн көп чогулганын, демонстранттар шаарларды ээлеп калганын айтты.

Сүрөттүн булагы,
Акцияга чогулгандар колдоруна ар кандай плакаттарды кармап, “Террористтер биздин эркиндибизге чабуул коюшту, биз мунун кайталанышына жол бербешибиз керек”, “биз коркпойбуз!” деген жазууларды жазып алышкан.
7-январда Charlie Hebdо француз журналынын Париждеги кеңесесине кол салууда кеминде 12 киши каза тапкан.
Кырктан ашуун дүйнөлүк лидерлер чабуулдан улам каза болгондордун жакындары, туугандары менен жүрүшкө чыгышты. Алардын арасында Франциянын президенти Франсуа Олланд, Германиянын канцлери Ангела Меркель, Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон жана Украинанын президент Петро Порошенко бар.
Бул жүрүшкө Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да келген.




























