Хорватияда биринчи жолу аял президент шайланды

Сүрөттүн булагы, AFP
Хорватиянын азыркы президенти Иво Йосипович президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жеңилип калганын ырастады. Эми бул өлкөдө биринчи жолу аял президент бийликке келет.
Мурдагы тышкы иштер министри, “Хорватиянын демократиялык шериктештиги” аттуу оппозициялык партиясынын талапкери Колинда Грабар-Китарович бюллетендердин 97,7%ын эсептегенде 50,54% добуш алган. Йосипович 49,46%дык колдоого жеткен.
Иво Йосиповичти буга чейин хорватиялыктардын басымдуу көпчүлүгү колдоп келген эле. Бирок, соңку алты жыл ичинде өлкө рецессиядан чыга албай, президенттин саясаты катуу сынга алынган.
Грабар-Китарович президент болуп шайланса, өлкөнү экономикалык кыйынчылыктан чыгарууга убада кылууда. Ошону менен бирге ал президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү үчүн Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат.
Хорватияда президенттин бийлиги чектелүү. Ал тышкы саясатта гана кайсы бир деңгээлде салмагы бар. Ошону менен бирге куралдуу күчтөрдүн кол башчысы болуп эсептелет.
Өлкөнү башкарууну негизинин өкмөт жүргүзөт.
























