Нью-Йорктун мэри үч полициячыны айыптады

Сүрөттүн булагы, Reuters
Нью-Йорктун мэри Билл де Блазио өткөн жылы өлтүрүлгөн полициячынын сөөгүн коюу тажиясында ага далысын салып турган үч полиция кызматкерин айыптады.
Шаар башчысынын айтымында, ушундай жол менен ага каршылык билдиргендер бир эле учурда курман болгон кесиптешин сыйлабай турганын көрсөтүштү.
Нью-Йорк полициясынын комиссары Билл Брэттон дагы мэрдин сөзүн колдоого алды.
Нью-Йорктун полиция кызматкерлеринин мындай жүрүшү соңку айларда тартип коргоочуларга каршы акцияга чыгып жаткандарды шаар башчынын колдоп жатканына байланыштуу болду.
Мэр эл адында сүйлөгөн сөздөрүнүн биринде өзүнүн мулат баласын полициянын зордугунан кантип кутулуп кетип жатты экен деп мыскылдуу таң калган жайы бар.
Сынчылардын пикиринде, этият айтылбаган мындай сөздөр өз кезегинде полицияга каршы маанайды курчутушу мүмкүн.




























