Италияда “капитансыз” кеме табылды

Кемедеги мигранттар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кемедеги мигранттар
Published

Италиянын деңиз кароолдору бортуна 400дөй мигрантты салган, экипаждын мүчөлөрү таштай качкан соода кемесин көзөмөлгө алышты. Атайын кызматкерлер тик учак аркылуу "Езадин" аттуу кемеге түшүрүлүп, эми аны Италиянын түштүгүндөгү Калабрия портуна сүйрөп жөнөштү. Өлкөнүн деңиз кароол кызматынын өкүлүнүн айтымында, экипаж кемени түн ичинде таштап кеткен. Бул бир аптадагы экинчи окшош окуя болуп калды.

Эки күн мурда молдовалык бир кеме Италиянын деңиз кароолдору тарабынан куткарылган эле. Кеменин бортунда европага жетүүнү самаган тогуз жүздөй киши болгон. Адам сатуу менен алектенген делген экипаждын мүчөлөрү эчак из жашырып кетишкен. Кемени Италиянын Галлиполи портуна сүйрөп барышкан болчу.

Эми бир жумага жетпеген убакытта буга окшош дагы бир окуя катталды. Сьерра-Леонеде каттоодон өткөн, бортуна төрт жүз адамды салган кеменин күйүүчү майы түгөнүп, Италиянын түштүк жээгинен 60 чакырым алыстыктагы деңизде калкып калган. Бул кемеде да экипаждын мүчөлөрү жок болуп чыкты. Италиянын аба күчтөрү аймакка тик учак менен кошо куткаруучу жана дарыгерлерди жөнөттү.

Аларга кабарды жакын жерде бараткан дагы бир кеме берген. Эми экипажсыз калган кемени да жээкке сүйрөп келатышат. Маалыматтарга караганда, мигранттардын арасында жаш балдар, кош бойлуу аялдар бар.