Кометага роботтун түшкөн жери Нилдеги аралдын атын алат

Сүрөттүн булагы, ESA
Чурюмов-Герасименко кометасына “Филы” роботу түшкөн жери “Агилкия” деп аталмай болду. Бул аталыш дүйнө жүзү боюнча сынакка түшкөн миңдеген сунуштардан кийин тандалды.
Робот кометага “Розетта” космостук аппаратынан 12-ноябрда түшүрүлөт.
Дармштадттагы башкаруу борборунда жайгашкан Европа космостук агенттигинин адистери 12-ноябрда Гринвич убактысы боюнча саат 16:00дө ийгиликтүү конуу боюнча кабар келет деп турушат.
Мурдараак конуу аймагы жөн эле “J” болчу. Нилдеги Агилкия аралы 20-кылымдарда Филы аралынан ага Исиданын белгилүү чиркөөсү баштаган имараттардын көчүрүлүүсү менен белгилүү.
Филы аралында обелиск, башкача айтканда узун төрт кырдуу эстелик дагы табылган. Ал Розетта ташы менен бирге окумуштууларга египет иероглифтерин чечмелөөгө жардам берди.
Конуучу жайды “Агиликия” деп атоого 150 кишиден сунуш келген. Александр Бруст аттуу француз жараны жеңүүчү болду. Ар бир катышуучу чоң эмес көлөмдө сочинение жазыш керек болчу. Брусттун иши калыстарга эң көп жакты.
Жеңүүчү роботтун конуусун карап туруу үчүн Дармштадтка барат. “Филы” кометага жеткенде “Розетта” Жерден 580 миллион чакырым алыстыкта болот. Кайра түшүүсү болжол менен жети саатты алат дешүүдө.
Эгер робот кометанын бетине илээше алса, анын курамы жана түзүлүшү боюнча анализдерди жүргүзөт. Робот маалыматты “Розеттага” берет, андан Жер алат.
Окумуштуулар 4,5 млрд. жыл мурда күн системасы кайра жаралганда өзгөрүүгө дуушар болгонго чейинки материянын үлгүсү кометада калган деп божомолдошууда.
































