Порошенко Донбасстын өзгөчө макамын жойгусу келүүдө

Published

Украинанын президенти Петро Порошенко шейшембиде Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин кароосуна Донбасстын өзгөчө макамы боюнча мыйзамды жоюу жөнүндө маселени койгон жатат.

Украинанын лидер дүйшөмбүдөгү элге кайрылуусунда ошондой эле Донбасстын децентрализациясына барууга мурдакыдай эле даяр экенин билдирди, бирок ал үчүн бардык тараптар Минск протоколун аткарууга тийиш.

"Децентрализация биздин арсеналда Донбасстагы кырдаалды саясий жөнгө салуунун орчундуу элементи катары калууда. Биз жаңы мыйзам кабыл алууга даярбыз - ал үчүн бардык тараптар Минск протоколун аткарууга кайтып келишибиз керек. Ок атышуу токтоп, буфердик зона түзүлүп, чек арага көзөмөл орношу керек", - деп билдирди Порошенко өзүнүн кайрылуусунда.

"Жаңы мыйзамда райондун чек арасы так көрсөтүлүп, Минс келишидерине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өзгөчө тартиби каралат. Ким кимди багып жатканы тууралуу талашты токтото турган бюджеттик децентрализация да болот. Бул райондорго өзүнүн ресурстарынын негизинде өзүнүн каржылоосуна жооп бергенге мүмкүнчүлүк берет» - деп кошумчалады Порошенко.

Ок атышуулар токтоп, Минскиде бир катар сүйлөшүулөр жана макулдашуулар болгондон кийин сентябрда Жогорку Рада Донбасстын бир катар райондорунун өзгөчө макамы жөнүндө мыйзам кабыл алган.

Жекшембиде Украинанын чыгышындагы жикчилдердин эл аралык коомчулук тааныбаган, бирок Россия колдоп жаткан ДЭР, ЛЭР жетекчилерин шайлоо болуп, Порошенко аны «автомат менен танканын алдында өткөн фарс» деп атаган.

Бул «шайлоону» БУУ, Евробиримдик, АКШ айыптап чыгышты, алар бул окуя Минск протоколун одоно бузарын, жикчилдер кармап турган аймакта кризисти жөнгө салууга тоскоол болорун белгилешкен.