Интернетке туткундагы британ журналисти тартылган видео тарады

Жон Кэнтли ушуну менен экинчи жолу Сирияда туткун болуп турат. 2012-жылы Сирияда кармалып, ал жердегилердин жардамы менен качып чыгып кеткен болчу
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жон Кэнтли ушуну менен экинчи жолу Сирияда туткун болуп турат. 2012-жылы Сирияда кармалып, ал жердегилердин жардамы менен качып чыгып кеткен болчу
Published

Интернетте британ журналисти Жон Кэнтли өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган согушкерлердин колунда туткун болуп турганы чагылдырылган видеодо тарады.

Жаңы пайда болгон бул тасма АКШ президенти Барак Обаманын 2001-жыл, 11-сентябрда Дүйнөлүк соода борбордун эки имаратын жардыруу боюнча сынына карата жооп экени айтылууда.

Буга чейинки видеодо журналист камакта кармалып турганын, жашоосу коркунучта экенин айткан эле. Анда Кэнтли Кубадагы Гуантанамо америкалык түрмөсүндө кармалып тургандардын кийимине окшош кызгылт-сары кийим кийип, столдо отурганын көрүүгө болот.

Жон Кэнтли ушуну менен экинчи жолу Сирияда туткун болуп турат. 2012-жылы Сирияда кармалып, ал жердегилердин жардамы менен качып чыгып кеткен болчу.

Буга чейинки башка видеолордо беткапчан, кара кийинген киши Жеймс Фоули деп божомолдонгон америкалык журналисттин башын алып жатканы көрсөтүлгөн.

АКШнын президенти Барак Обама Ирактагы өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топтун журналист Жеймс Фоулинин башын алып өлтүргөнү дүйнөнүн үрөйүн учурган окуя болду деп мүнөздөгөн. Андан ташкары Америка лидери “Ислам мамлекети” деп аталган топ сөзсүз түрдө жеңилет деп кошумчалаган.