Кей Нисикори жарым финалда

Сүрөттүн булагы, Reuters
Дүйнөдөгү маанилүү спорт жаңылыктары менен таанышып алыңыз.
ФУТБОЛ
“Манчестер Юнайтедге” жаңы кошулган Ди Мария Аргентинанын Германиядан дүйнөлүк чемпионат үчүн өч алышына жардам берди.
Ал түндөгү достук беттешинде бир гол киргизип, үч голго көмөктөштү. Германия эки гол гана киргизе алды.
“Юнайтеддин дагы” бир чабуулчусу Уэйн Руни Англиянын Норвегияны бир-нөл менен жеңишин шарттады.
Орусия Азербайжанды 4:0, АКШ Чехияны 1:0 менен утуп алды.
ТЕННИС
Кей Нисикори Стан Вавриканы беш айлампада утуп тарыхка калды.
Ал соңку 96 жылда АКШнын ачык чемпионатынын жарым финалына жеткен алгачкы жапониялык.
Башка турнирлерде да 1933-жылдан бери мындай ийгилик болбой келген.
Эми ал Энди Маррейди үч жарым сааттык кармаштан кийин утуп алган Новак Джокович менен беттешет.
ФОРМУЛА-1

Сүрөттүн булагы, AFP
Льюис Хэмилтон менен Нико Росбергдин таймашы бул дем алышта Италиянын Монзасында уланат.
Мерседес командасынын спортчуларынын атаандаштыгы Белгиянын гран-присиндеги кагылыштан кийин күчөп кеткен. Росберг, Хэмилтондун унаасын сүзүп алганына жана анын жарыштан чыгып калышына жооптуу экенин мойнуна алган.
Аларга "мындай жоосун кайталанбасын" деген эскертүү берилген.
































