НАТО лидерлери жыйынга чогулду
Улуу Британиянын Уэльс аймагында НАТО лидерлеринин саммити башталды. Түндүк альянстын жыйынында Украинанын чыгышындагы кырдаал эң негизги маселе катары каралышы күтүлүп жатат.
Уэльстеги НАТО саммити соңку он жыл ичиндеги эң маанилүү жыйындардын бири болууда. Лидерлер бул жерде бир жарым күндөй Орусиянын агрессиясы, Жакынкы Чыгыштагы коркунучтардын көбөйүп келе жатышы жана Афганистандагы кемчиликтер жөнүндө талкуулашат.

Сүрөттүн булагы, AFP Getty
НАТОнун жетекчилери келээри менен эле Орусияга карата сындарды жаадырышты. Президент Обама Украинага колдоону көбөйтүүгө чакырып, НАТО өзүнүн чек араларын коргойт деп эскертти. Франция болсо Орусияга аскерий кеме сатуу боюнча келишимин токтотконун жар салды. Дэвид Кэмерон Орусиянын аракеттерин "кесепеттүү" деп мүнөздөдү.
НАТО өлкөлөрү үчүн азыркы тапта "Ислам мамлекети" тобунун коркунучу дагы бар оорууга айланды. Андан тышкары 12 жылдык аскерий кийлигишүүдөн кийинки Афганистандын азыркы абалы “НАТО 21-кылымдын чакырыктарына даярбы?” деген суроону козгоп жатат.
Тарыхый жыйынбы?
НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен бул саммитти НАТОнун тарыхындагы эң маанилүү жыйын деп мүнөздөдү:
“Уэлстеги жыйын - биздин альянстын тарыхындагы эң маанилүү жолугушуу болот. Биздин алдыбызда абдан татаал коопсуздук маселелери турат. Чыгыштан Орусия Украина кол салып жатат. Түштүк-чыгыштан болсо өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ ырайымсыз аракеттерди жасады. Биз бул маселелерге карата абдан маанилүү кадамдарды сүйлөшүп алабыз”,-деди Рамсуссен.
Андан тышкары НАТО башчысы Орусия Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүнү каалаганы байкалбайт деп кошумчалап, бирок бул НАТОго коркунуч алып келбейт деп белгиледи:

Сүрөттүн булагы, AP
“Менимче, Орусия ок атышууну токтотууга чын дилинен кызыккан жок. Ал Украинадагы кырдаалды солгундаткан аракеттерин дагы деле улантып жатат. Бул НАТОнун бир дагы мүчө өлкөсүнө түздөн-түз коркунуч келтирбейт. Себеби Орусия кызыл сызыктан өтүп кетчү болсо, татыктуу жооп алаарын билет",-деди Андерс Фог Расмуссен.
Уэльстеги саммитте НАТО өлкөлөрү Украинадагы жаңжалга байланыштуу Чыгыш Европадагы коопсуздукту күчөтүшү күтүлүп жатат. Мисалы НАТО бир нече миң аскерден турган ыкчам аракеттенүүчү топ түзүшү ыктымал. Андан тышкары, АКШ Украинага 200 дөй аскерин машыгууга жөнөтөөрүн билдирген.
Украинага НАТОго кире алабы?
Би-Би-Си Европадагы “Карнеги” фондунун аналитиги Иан Тичау менен маектешип, СССР ыдырагандан кийин НАТО Орусия менен Эстония, Литва, Польша сыяктуу өлкөлөргө көп сандагы туруктуу аскерий базаларын жайгаштырбоо жөнүндө келишимге кол койгонун, эми мындан ары бул макулдашуунун тагдыры эмне болоорун сурадык:
Иан Тичау: Ооба. Бул эки тараптан тең оптимисттик маанайда түзүлгөн документ болчу. Анда Орусия НАТОго өнөк катары каралып, Батышка ыктаган өлкө эле. Азыр кырдаал өзгөрүп, Орусия тарап, Расмуссен айтмакчы, бул келишимди бузду деп каралып жатат. НАТО өлкөлөрүндө бул документ дагы деле күчүндө калышы керекпи деген суроодо да келишпестиктер бар. Ал эми ыкчам аракеттенүүчү топ маселесине келсек, Чыгыш Европага, же Эстония сыяктуу өлкөлөргө кыска мөөнөттүн ичинде кирип кайрап чыгып, ротация болуп тууруучу күч жөнүндө сөз болуп жатат. Жарым жыл мурда мындай болушу мүмкүн эмес эле.
Би-Би-Си: Украинанын жетекчилери НАТОго кайрылып, биз бул альянска кошулушубуз керек деген сунуштарды айтышы күтүлүп жатат. Бул канчалык деңгээлде реалдуу?
Иан Тичау: Жок. Украинанын НАТОго кошулушу мүмкүн эмес. Киев Батыштан колдон келген бардык коопсуздук кепилдиктерин алууга аракет кылып жатат. Бирок АКШ жана Батыш өкмөттөрү учурда Украина маселесин кандайдыр бир аскерий кийилигишүү жолу менен чечүү жолдорун четке кагышкан. Украина үчүн эч ким согушууну каалабай турганы башынан эле түшүнүктүү болчу. Азырынча техникалык жардам, машыгуу жана мониторинг жүргүзүү боюнча көмөк көрсөтүшү мүмкүн экени айтылып жатат.
































