Калифорнияда жер титирөө болуп, өзгөчө абал жарыяланды

Жер титирөө төрт турак трейлерин жок кылып, он алты имаратка зыян алып келди. Элүүдөй жерде газ сыртка чыгып, отуздай жерде суу түтүктөрүнүн талканганы катталды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жер титирөө төрт турак трейлерин жок кылып, он алты имаратка зыян алып келди. Элүүдөй жерде газ сыртка чыгып, отуздай жерде суу түтүктөрүнүн талканганы катталды
Published

Калифорния штатынын түндүгүндө катуу жер титирөөгө байланыштуу өзгөчө абал жарыяланды, жекшембиде бул жакта магнитудасы 6,0 болгон жер титирөө болду. Бул соңку жыйырма беш жылдын ичиндеги эң күчтүү силкинүү экени айтылууда.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор бар. Напа шаарында ооруканага 87 адам жаткырылды, алардын үчөө олуттуу жаракат алган.

Джерри штатынын губернатору Напа өрөөнүндөгү жапа чеккен райондордо өзгөчө абал жарыялады.

Бийликтегилер билдирген маалыматка караганда, жер титирөө төрт турак трейлерин жок кылып, он алты имаратка зыян алып келди. Элүүдөй жерде газ сыртка чыгып, отуздай жерде суу түтүктөрүнүн талканганы катталды.

Pacific Gas and Electric Company энергетикалык компаниясынын маалыматы боюнча, он миңден ашык үй электр жарыгы жок калды.

Кызыл чырым Нападагы чиркөөлөрдүн бирөөндө жабыркагандарга жардам көрсөтүү борборун ачты.