Microsoft 18 миң жумуш ордун кыскартууда

Microsoft акыркы жолу 2009-жылы Стив Балмердин башкаруусу учурунда 5800дөй кишини жумушсуз калтырган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Microsoft акыркы жолу 2009-жылы Стив Балмердин башкаруусу учурунда 5800дөй кишини жумушсуз калтырган
Published

Microsoft компаниясы 18 миңге чейин кызматкерлерин жумуштан кетирет. Бул компаниянын отуз тогуз жылдык тарыхындагы эң ири кыскартуу.

Кыскартуулардын чоң бөлүгү мобилдик телефон чыгарган компаниясына тиешелүү. Бул компанияны Microsoft апрелде сатып алган. Маалым болгондой, Nokia 12500 кызматкерин жумуштан алат. Алгач алты миңдей киши кыскартылары күтүлүп жаткан.

Microsoft жалпысынан 137 миң кишиге жумуш берет. Компания директору Сатья Наделла компаниянын өзгөчөлүк берип жаткан жумуштарын өзгөртүүнү пландоодо. Азыр программалык продуктыларды чыгарып жатса, анын оюнча компания эми интернет-сервистерди, электрондук каражаттарды өнүктүрүш керек. Ал кызматкерлерине жазган катында “Мындай чечим кабыл алуу кыйын, бирок зарыл”, деп билдирген.

Компания кыскартууга туш болгон кызматкерлерге алты ай ичинде кабар берилерин, жалпы кыскартуу процесси 2015-жылдын июнь айына чейин созуларын билдирди.

Компенсацияны кошкондо, жумушчуларды кыскартуу чыгымдары болжол менен 1,1-1,6 млрд. долларды түзөт.

Бул кыскартуу Google жана Apple сыяктуу компаниялар менен жакшыраак атаандашуу үчүн жасалары айтылууда. Microsoft акыркы жолу 2009-жылы Стив Балмердин башкаруусу учурунда 5800дөй кишини жумушсуз калтырган.