ДЧ: Чейрек финалисттер аныкталды

Published

Күндүн негизги спорт жаңылыктары

ФУТБОЛ

Дүйнөлүк чемпионатта плей-офф жыйынтыкталды. Аргентина Швейцария менен беттеште утуп, чейрек финалга чыкты. Ди-Мария кошумча убакта бир гол киргизди.

Аргентинанын жылдызы Месси 118 мүнөттө гол кирген пасты берээрден мурун өлкөсү Дүйнөлүк чемпионаттан чыгып калат деп коркконун белгиледи.

Бул оюн 65 жаштагы Швейцариянын тренери Оттмар Хитцфельд үчүн 31 жылдык карьерасынын акыркы оюну болду. Хитцфельд бул убакытта 19 кубокту жеңип, эки жолу "Дүйнөнүн эң мыкты" тренерлик наамын алган.

Бельгия менен Американын оюну кызуу өттү. Мында да кошумча убакытта үч гол кирип, Белгия 2:1 эсебинде жеңип алды. Оюндун кошумча убактысы курч өтүп, акыркы он беш мүнөттө эки топ тең токтобой чабуул жасашты. АКШ акырына чейин күрөшсө да, Бельгия үстөмдүк кылды.

АКШнын тренери Юрген Клинсман командасы утулса да коркпой, кызыктуу оюн көрсөткөнү үчүн сыймыктанганын белгиледи. Ал: "Бүгүнкү беттеште ар бир оюнчу өлкөсүн сыймыктандырды", -деп билдирди.

Бельгиянын "алтын мууну" атыккан команда 28 жылдан бери биринчи жолу өз өлкөсүн чейрек финалга чыгарышты.

Луис Суарес

"Тиштүү" футболист Луис Суарес Дүйнөлүк чемпионаттан чыгып, 4 айлык тыйууга кабылса да, аны сатып алуу маселеси талкууланууда.

Испаниялык "Барселона" клубу Лондонго өкүлүн жиберип, Суарес учурда ойноп жүргөн "Ливерпуль" клубу менен сүйлөшүү жүргүзүүдө.

"Ливерпуль" Суарес үчүн 140 миллион доллар алууну көздөйт. Бирок "Барселона" ал үчүн 105 миллион доллар сунуш кылганы айтылууда.

ТЕННИС

Теннисте болсо элди таң калтырып, Дүйнөлүк номер биринчи ракетка Рафаэль Надалды австралиялык Ник Киргиос утуп алды.

Бүгүн Киргиос чейрек финалда канадалык Милош Раонич менен беттешүүдө. Учурдагы чемпион Энди Маррей бүгүн болгариялык Григор Димитров менен ойноп, утулуп калды.

Симона Халип менен Южени Бошард өз оюндарында жеңип, аялдардын жарым финалына өтүштү.

Бүгүн ошондой эле Роджер Федерер Стэн Вавринканы жеңип алды.