Суарес кечирим суроодо

Сүрөттүн булагы, Reuters
“Ливерпуль” футбол командасында ойногон уругвайлык чабуулчу Луис Суарес италиялык коргоочу Жоржио Кьеллиниден ийнин тиштеп алганы үчүн кечирим сурады. Суарес бул кадамы үчүн төрт айга футболдон четтетилип, ага тогуз эл аралык оюнга катышууга тыюу салынган.
“Чынын айтканда менин кесиптешим Кьеллини тиштөөдөн улам физикалык жактан жапа чеккени анык. Мен буга абдан өкүнөм. Кьеллиниден жана бүтүндөй футбол дүйнөсүнөн кечирим сурайм. Коомчулукка мындай көрүнүш эч качан кайталанбайт деп убада берем”,-деди Суарес, өз билдирүүсүндө.
Буга чейин Суарес италиялык коргоочу Кьеллинини тиштебегенин, оюн маалында тең салмагын жоготуп алып, коргоочунун үстүнө жыгылганын айткан.
Кийинчерээк Кьеллини ФИФАнын Суареске карата чечими катаал болуп калганын айтып чыккан.
27 жаштагы Суарес Англиянын премьер-лигасындагы алгачкы тогуз оюнга катыша албай калат. Футболго 26-октябрда кайтып келет.
Уругвайлык бул футболчу биринчи жолу голландиялык “Аякс” футбол командасында ойноп жүргөндө "Эйндховендин" оюнчусу Отман Баллаланы тиштеп алып, жети оюнга чыкпай калган.
Андан соң Англиянын "Ливерпуль" командасынын курамында "Челсинин" коргоочусу Бронислав Ивановичтин колун тиштеп алып, тогуз беттештен куру калган.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ал учурда Суарес: “Бронислав Ивановичке байланыштуу окуяга өкүнөм. Капа болгон күйөрмандар мени кечирет деп үмүттөнөм. Брониславдан дагы бир ирет кечирим сурайм. Менин бул аракетим футбол талаасында кабыл алынгыс болгонун мойнума алам”,-деп билдирген.
ФИФАнын Суареске карата бул жолку өкүмү Дүйнөлүк чемпионаттын тарыхындагы эң катаал жаза деп сыпатталууда. 1994-жылы италиялык Мауро Тассотти испаниялык Луис Энрикени чыканагы менен урганы үчүн сегиз оюндан четтетилген.
































