Израиль Сириянын аскердик позицияларына абадан сокку урду
Published
Израилдин авиациясы Сирия көзөмөлдөгөн аймактагы бир катар аскердик позицияларга сокку урду. Бул Сирия менен чек арага жакын жерде израилдик бир өспүрүм ракеталык атуудан өлтүрүлгөнүнө жооп болуп калды.
Абадан урулган соккунун натыйжалары жөнүндө малымат боло элек, бирок Израилдин согуштук аба күчтөрүнүн мелжегени Сирия армиясынын позициялары экени айтылууда.
Голан бийиктигинде израилдин жүк тарткан унаасына ракета тийип, анда келаткан 13 жаштагы бала мерт болуп, анын атасы жана дагы бир адам жарадар болушкан.
Израилдин бийликтери ракеталык сокку атайын жасалды деп деген ишеним болуп жатышат. Бирок азыркыга чейин ракеталык соккуну сириялык көтөрүлүшчүлөр эмес, сириялык армия жасады деген маалыматтын чын-бышыгы жок.




























