Нигерия армиясы “Боко Харамдын” окуучу кыздарды каткан жерин билет

“Биз ал жакка аскерлерди жөнөтө алабызбы? Жок. Биз кыздарыбызды куткарабыз деп өлтүрүп алууну каалабайбыз”, - деп айтты Алекс Бадех Абужадагы демонстранттардын алдында сүйлөгөн сөзүндө.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Биз ал жакка аскерлерди жөнөтө алабызбы? Жок. Биз кыздарыбызды куткарабыз деп өлтүрүп алууну каалабайбыз”, - деп айтты Алекс Бадех Абужадагы демонстранттардын алдында сүйлөгөн сөзүндө.
Published

Нигерия армиясынын жетекчилери “Боко Харам” уюму тарабынан уурдалган окуучу кыздардын кайсыл жерде катылганы тууралуу маалыматтар бар экенин билдирүүдө.

Бирок, аларды куткаруу боюнча азырынча эч кандай операция өткөрбөй турганын белгилешкен.

Исламчыл согушкерлер 200дөн ашуун окуучу кызды апрель айында уурдап кетишкен. Нигериянын Коргонуу министрлигинин штаб башчысы Алекс Бадех кыздардын кайсыл жерде экени аныкталганын айтты.

“Биз ал жакка аскерлерди жөнөтө алабызбы? Жок. Биз кыздарыбызды куткарабыз деп өлтүрүп алууну каалабайбыз”, - деп айтты ал Абужадагы демонстранттардын алдында сүйлөгөн сөзүндө.

Мындан мурдараак барымтадагы кыздардын айрымдарын бошотуу боюнча келишим дээрлик кабыл алынганы Би-Би-Сиге маалым болгон. Бирок, акыркы мүнөттөрдө өкмөт бул макулдашууну четке каккан.

Би-Би-Синин Абужадагы кабарчысы Уилл Росстун айтымында, ортомчулар исламчыл согушкерлердин лидерлери менен жолугушуп, кыздарды жашырган жерге да барып келишкен.

Алдын ала жетишкен келишим боюнча 50 кыз “Боко Харам” уюмунун түрмөдөгү 100 өкүлүнө алмаштырылмак.

Бирок, мындай шарттарды Нигериянын өкмөтү кабыл алган жок.