Плющенко жаракатына байланыштуу мелдештен четтеди

Published

Орусиялык муз бийчиси Евгений Плющенко жаракатына байланыштуу мелдештин эркектер арасындагы жеке түрү боюнча кыска программага катыша албай калды.

Би-би-синин спорт кабарчысы билдиргендей ал мелдеш башталар алдында муз аянтына чыгып, буту колун чойгулап, машыгып жаткан. Бирок мелдештен баш тартты. Машыктыруучусуна белин кокустатып алганыны үч эле сөз менен ("Спина. Просел. Щелкнуло") айткан.

Плющенко үчүн 2014-жылкы Олимиада карьерасындагы төртүнчү ири мелдеш. Ал Сочидеги командалык мелдеште алтын утуп алды. Муну менен ал олимпиаданын эки жолку чемпиону болду. Бирок орустар андан дагы көп нерсени үмүт кылып турушкан эле. 31 жаштагы муз бийчиси Орусия атынан эркектер арасында жекелеп бийлөө түрү боюнча чыгып жаткан жападан жалгыз спортчу эле.

Жападан жалгыз демекчи кечээ күнү Сочи олимпиадасына Кыргызстандан жалгыз катышып жаткан Дмитрий Трелевский жаракат алып калганы айтылып, ал дагы мелдешке чыкпай турган болду. Анын ордун башка кыргызстандык спортчу алмаштырат деп айтылууда.

Олимпиада жадыбалы