Кытайдын абадан коргонуу мейкини талашка түшкөндө АКШ өкүлү Бээжинге келди

АКШнын вице-президенти Жо Байден Бээжинге келүү алдында Кытайдын мамлекеттик медиасы ага Кытайдын абадан коргонуу мейкини боюнча жаңылыш сөз сүйлөбөөгө чакырды.
Байден Кытайдын президенти Ши Жинпин жана премьер-министир Ли Кэчиан менен жолугушмакчы.
Анын сапары Чыгыш Кытай деңизиндеги талаштуу аралдардын аймагында Кытайдын абадан коргонуу мейкини түзүлүп, кырдаал курчуп турган учурга туш келүүдө.
Япония Сенкаку деп атаган аралдарды Кытай өзүнө таандык деп эсептеп, кытайча Дяоюйдао деп аташат.
Кытай Чыгыш-Кытай деңизиндеги бул талаштуу аймакта демаркация өткөрүп, өзүнүн абадан коргонуу аймагын белгилеген.
Бээжин бул аймактагы учуулардын бардыгы алдын ала макулдашууга милдеттүү экенин, аймакка кирген учактын пилоттору Кытай тараптын буйруктарын аткарышы керектигин эскерткен.
Мындай көрсөтмөлөр аткарылбаса, коргонуу аймагын бузуп кирген учактарга каршы “атайын коргонуу чаралары көрүлөт” деп айтылган.
Япония мындай белгилердин коюлушун “жараксыз” деп мүнөздөп, четке каккан эле. Кытайдын мындай кадамына аралдарга ээлик кылуу укугун талашкан Тайвань дагы нааразылык билдирип, өз аймагынын коопсуздугун коргоо чараларын көрөөрүн билдирген.
АКШ Кытай бийликтеринин саясатын чагымчылдык катары мүнөздөп, Кытайдын “абадан коргонуу аймагын” тааныбай турганын айткан эле.





























